Жоолугумдун сыртынан
Жээк саймасы сарала,
Сырт саймасы көк ала,
Сырдуу топу кийипмин.
Ал кызыкка кубанып,
Күлөйүн десем үн чыкпай,
Туталанып күйүктүм.
Бул эмине болучу,
Кагылайын, сырттаным,
Караңгыда көргөн түш
Калтырбай түгөл жоручу».
Баатыр Жоодар ошондо,.
Орунунаң козголуп,
Бул эмине түшү — деп,
Санаага батып толгонуп. ..
Көпкө чейин үн катпай,
Жата берип ойлонуп:
«Түндөгү түшүң тим эле,
Адам уулу болгонго
Келбей турган түш экен.
Экөөбүзгө тең кыйын,
Өңүмдөгү иш экен.
Азап менен арылгыс,
Бир башыма күч экен.
Карааным көрбөй калганың,
Тирүүлөй менден айрылып,
Көбөйөт экен арманын.
Ак куу болуп абалап,
Асмандап учса сабалап,
Айым, менин алдында
Арылгыс узак жол жатат.
Кек куу болуп абалап,
Көкөлөсө сабалап,
Айым, менин алдымда,
Көп күнчүлүк жол жатат.
Башыңа топу кийгениң,
Ойлонуп жатып билбедим.
Угуп тур, айым, эмесе,
Аттана турган кез келди,
Аныгын айтып сүйлөйүн.
Аттанып алыс келгеним
Кебез-Тоо алыс жеримден,
Калың кыпчак элимден.
Сен айтпасаң, Аксаамай,
Чыккан экен көңүлдөн.