Жоодарбешим
Баатыр Жоодар ошондо,
Токсон арал, жүз кечүү
Токсон тепчип өттү эле.
Токсон бир күн дегенде,
Токсон дайра куюлуш,
Токсон тоонун урунуш,
Тына буга жетти эле.
Ээр белдей белеске
Кырааның токтоп турду эле.
Мойнун буруп бууданы
Кишиче сүйлөп турду эле:
Кырааным менин баласын, Жоодар,
Кызык иш ойго саласың, Жоодар.
Эч нерсе менен иши жок,
Эмине ойлоп барасың, Жоодар?
Айбаның айтат, тилин ал, Жоодар,
Токсон тоонун урунуш,
Токсон дайра куюлуш,
Абайласам келиппиз, Жоодар.
Жерге келдик карагын,
Экөөбүзгө белгисиз, Жоодар.
Тоо түгөнгөн урчукта,
Түзгө түшкөн тумшукта, . - .
Айтылуу Алтын-Булак бар, Жоодар.
Ал булактан суу ичкен
Алтын баштуу аркар бар, Жоодар.
Оттугу* — Ала-Тескейде,
Жуушаты* — Күмүш-Күңгөйдө.
Онуңа карап эр Жоодар
Бир өлчөмдүү жерге жата бер.
Жебе кармап колуңа
Кырааным, жазбай ата көр.
Ат дүбүртүн дапдаана
Тыңшап коет алыстан
Мени ушул жерге ката көр.
Токсон арал, жүз кечүү
Токсон тепчип өттү эле.
Токсон бир күн дегенде,
Токсон дайра куюлуш,
Токсон тоонун урунуш,
Тына буга жетти эле.
Ээр белдей белеске
Кырааның токтоп турду эле.
Мойнун буруп бууданы
Кишиче сүйлөп турду эле:
Кырааным менин баласын, Жоодар,
Кызык иш ойго саласың, Жоодар.
Эч нерсе менен иши жок,
Эмине ойлоп барасың, Жоодар?
Айбаның айтат, тилин ал, Жоодар,
Токсон тоонун урунуш,
Токсон дайра куюлуш,
Абайласам келиппиз, Жоодар.
Жерге келдик карагын,
Экөөбүзгө белгисиз, Жоодар.
Тоо түгөнгөн урчукта,
Түзгө түшкөн тумшукта, . - .
Айтылуу Алтын-Булак бар, Жоодар.
Ал булактан суу ичкен
Алтын баштуу аркар бар, Жоодар.
Оттугу* — Ала-Тескейде,
Жуушаты* — Күмүш-Күңгөйдө.
Онуңа карап эр Жоодар
Бир өлчөмдүү жерге жата бер.
Жебе кармап колуңа
Кырааным, жазбай ата көр.
Ат дүбүртүн дапдаана
Тыңшап коет алыстан
Мени ушул жерге ката көр.

