Жоодарбешим
Башкача көөнү бөлүнүп,
Былк этип койсо кокустап,
Каламбы деп, көрүнүп.
Бетеге башы былк этип,
Кыраадан чыкса кылт этип,
Алтын баштуу Ак аркар
Оңтойлуу жерин тапты эле.
Алтын баштуу Ак аркар,
Касиети ашынып,
Жатактан башын чыгарып,
Боюн катуу жашырып.
Ак булакка барганда
Кылт этип суудан ичиптир,
Керт этип чөптү чалыптыр,
Башына бир иш болорун
Кыялы туюп калыптыр.
Өз жанынан шек санап,
Жуушаганы жатты эле.
Жай кепшебей туш-тушту,
Кулактап жанын бакты эле.
Ошондо Жоодар кайраның,
Жата берсем болбос — деп,
Беш жагында беш кароол,
Былк этсем көрбөй койбос — деп.
Колундагы алганы,
Алтын жаак сыр жебе
Чалгынына чалганы.
Ак аркарды көзгө алып,
Бетине баатыр кармады:
«Атпай калсам маа шерт — деп,
Жетпей тийсең, саа шерт—деп,
Ичке моюн тушу — деп,
Ооз омуртка ушул — деп,
Кара моюн талуу — деп,
Жабыша түшсө сыр жебе
Кыла албассың каруу»— деп.
Таятасы Агай кан
Эр Жоодарга арнаган.
Каалаган жерге жабышкан,
Тарткан жан өкүт калбаган.
Шаатекенин мүйүзүнөн,
Сууга салып кайнатып,
Көркөн менен жондуруп,
Кергич салып байлатып.
Ийи күдөр* кайыштан,
Кош чалма ороп тагышкан.
Кайран Жоодар балаңыз,
Жакын барбай карарды,
Атмак болду алыстан.
Алтын жаак сыр жебе
Кармай калып имерди.
Кара коюн талууга
Кармап келип жиберди,
Баланы көзү чалгыча,
Касиеттүү Ак аркар
Ордунан тура калгыча,
Жебенин огу зып этип,
Кара моюн талууга,
Жабыша түштү тып этип.
Жыга чапкан немедей,
Башы жерге щылк этип.
Жатып калды Ак аркар,
Аяк серппей тырп этип.
Баатыр Жоодар ошондо,
Ордунан турду былк этип.

