Маңдайдан сылап бек жыттап,
Ак жолтой досум деп жыттап.
Сөгүп ийип токумун,
Атка деген күл азык
Тутамын алып келгени.
Жаныбарың Кылкара,
Бууданына берди эми.
Бетеге белден жерине,
Тиш тийбеген керүүгө
Желип кетип калды эми.
Бала сырттан ошондо
Токумун төшөк жайды эми.
Күл азыктан алып жеп,
Алп уйкуну салды эми.
Күнү-түнү тогуз күн,
Көшүлүп уктап калды эми.
Эченден берки мас уйку
Баарысы тарап канды эми.
Жаныбарын Кылкара
Оюн салып ойноктоп,
Сүмбөдөй болуп жарашып,
Ок жылаандай сойлоктоп,
Чын табына келиптир,
Бөксөргөн эти толуптур,
Кундуздай жүнү жылтылдап,
Кадимкидей болуптур.
Жал, куйругу жайкалып,
Сырттан эрдин көзүнө
Сымбаты башка байкалып.

ЖООДАРБЕШИМДИН АЛТЫМЫШ АЙРЫ АК БУГУГА ЖОЛУККАН ЖЕРИ

Жалын тарап буудандын
Токуп минип алды эле.
Жаныбарың Кылкара,
Бучкакка камчы салды эле.
Келген жагын бет алып,
Катуулап жөнөп калды эле.
Ак аркардын алтын баш.
Канжыгада чалынуу,
Алты кучкач ак сандык,
Жан чөнтөктө салынуу.
Миң эсе ашып кайраты,
Көзүнөн чыгып жалыны.
Бараткан жери баатырдын
Жалгыз аяк жол болуп,
Басар жолу мол болуп.
Агыны катуу суу болуп,
Ашуусу бийик тоо болуп,
Аскасы бийик зоо болуп,
Баатыр кетип баратат,
Намысы тийип колуна
Ичи толо дем болуп.
Токсон тоонун урунуш,
Куюлуштан өттү эле.
Күн батышты бет алып,
Бурулуш тоого жетти эле.
Кызыгына көз тойбойт,
Жерде мындай болорбу.
Жан-жаныбар макулук
Жыбырап мындай толорбу.
Карагай, кайын. аралаш,
Арчасы өскөн салаалаш.
Көк токою чер экен,
Адам тынып укпаган,
Кийиги арбын жер экен.
Жаралганы жан келбей,
Жайы-кышы ээн экен.