Жоодарбешим
Кылкарага камчы уруп,
Каарданып айкырып,
Чын ачуусу кармады.
Атырылып Ак бугу,
Качып кетип баратат.
Аркасынан эр Жоодар,
Кылкара менен урдуруп,
Атып кетип баратат.
Кутулуп кетет экен — деп,
Куюлтутуп тик ылдый,
Шашып кетип баратат.
Аткан огу бир тийбей,
Жазып кетип баратат.
Алдындагы Кылкара
Бадал, черге карабай,
Тебелеп кетип баратат.
Эмне болуп кетти — деп,
Өзүн өзү эр Жоодар
Жемелеп кетип баратат:
Бейлимди кудай алганбы,
Мертинип колум тайганбы.
Алтын жаак сыр жебе,
Сени кудай урганбы.
Кесир сүйлөп, кенебей,
Мени кудай урганбы.
Кайберендин Ак бугу,
Аткан окко жеткизбей,
Эмне шылдың кылганы.
Карап туруп кудай ай,
Саадагым огу сап болду.
Талаада тентип жүргөндө,
Бул эмине чак болду.
Алдымдан чыгып жолуккан
Азгырма шайтан өзүбү?
Куткарып ийип ушуну,
Уят болор кезимби?
Жаныбарым, Кылкара,
Басыгынан танбаса,
Кылбаса кудай каргаша,
Кууп жетип өзүңдү,
Кылычтап башың албасам.
Каарданып айкырып,
Чын ачуусу кармады.
Атырылып Ак бугу,
Качып кетип баратат.
Аркасынан эр Жоодар,
Кылкара менен урдуруп,
Атып кетип баратат.
Кутулуп кетет экен — деп,
Куюлтутуп тик ылдый,
Шашып кетип баратат.
Аткан огу бир тийбей,
Жазып кетип баратат.
Алдындагы Кылкара
Бадал, черге карабай,
Тебелеп кетип баратат.
Эмне болуп кетти — деп,
Өзүн өзү эр Жоодар
Жемелеп кетип баратат:
Бейлимди кудай алганбы,
Мертинип колум тайганбы.
Алтын жаак сыр жебе,
Сени кудай урганбы.
Кесир сүйлөп, кенебей,
Мени кудай урганбы.
Кайберендин Ак бугу,
Аткан окко жеткизбей,
Эмне шылдың кылганы.
Карап туруп кудай ай,
Саадагым огу сап болду.
Талаада тентип жүргөндө,
Бул эмине чак болду.
Алдымдан чыгып жолуккан
Азгырма шайтан өзүбү?
Куткарып ийип ушуну,
Уят болор кезимби?
Жаныбарым, Кылкара,
Басыгынан танбаса,
Кылбаса кудай каргаша,
Кууп жетип өзүңдү,
Кылычтап башың албасам.

