Жоодарбешим
Чын айласы кеткенде,
Белес-белес миң катар,
Белге сала качты эле.
Акырында Ак бугу,
Күн чыгышты бет алып,
Күн тийсе мээ кайнаган,
Асмандан тамчы тамбаган,
Жылт этип булак акпаган,
Какыраган какшыган,
Уч-кыйры жок ээн талаа
Чөлгө сала качты эле
Мында Жоодар болбоду,
Артынан түшүп койбоду.
Барган сайын экөө тең,
Арбытын арыш чамдады.
Ит-Өлбөс деген токойго,
Кубалашып барганы.
Жаныбарың, Кылкара,
Желдей учуп закымдап,
Учуп келет жакындап.
Кармаар кезим келди — ден,
Жоодар баатыр лакылдап.
Атайын десе огу жок,
Айла кетип баратат.
Ак болот сууруп кынынан,
Оң колунда жалаңдап.
Оозун ачып Ак буру,
Шилекейи чачырап,
Тили кетип салаңдап,
Баатыр жакын жеткенде,
Амалы чындап кеткенде,
Ажал кыстап келгенде,
Тура калды жаныбар,
Эки көзү аландап.
Баатырга мойнун бурду эле,
Ак бугуга тил бүтүп,
Жан соогалап турду эле:
Атыңдын оозун жыя тур, баатыр,
Ачуунду бир аз тыя тур, баатыр.
Белес-белес миң катар,
Белге сала качты эле.
Акырында Ак бугу,
Күн чыгышты бет алып,
Күн тийсе мээ кайнаган,
Асмандан тамчы тамбаган,
Жылт этип булак акпаган,
Какыраган какшыган,
Уч-кыйры жок ээн талаа
Чөлгө сала качты эле
Мында Жоодар болбоду,
Артынан түшүп койбоду.
Барган сайын экөө тең,
Арбытын арыш чамдады.
Ит-Өлбөс деген токойго,
Кубалашып барганы.
Жаныбарың, Кылкара,
Желдей учуп закымдап,
Учуп келет жакындап.
Кармаар кезим келди — ден,
Жоодар баатыр лакылдап.
Атайын десе огу жок,
Айла кетип баратат.
Ак болот сууруп кынынан,
Оң колунда жалаңдап.
Оозун ачып Ак буру,
Шилекейи чачырап,
Тили кетип салаңдап,
Баатыр жакын жеткенде,
Амалы чындап кеткенде,
Ажал кыстап келгенде,
Тура калды жаныбар,
Эки көзү аландап.
Баатырга мойнун бурду эле,
Ак бугуга тил бүтүп,
Жан соогалап турду эле:
Атыңдын оозун жыя тур, баатыр,
Ачуунду бир аз тыя тур, баатыр.

