Ушу сөзгө эр Жоодар,
Кылайып көңүл бөлгөң жок,
Түбүн ойлоп көргөн жок:
«Алдыда атым азды — деп,
Басар жолдон айнытып,
Токсон күн жолду создуң — деп,
Жан соога сурап жалынба,
Менин оюм башкада.
Антым менен башыңды,
Илип кетем аскага.
Жилигиң бирден чагамын,
Эсебиң минтип табамын.
Өмүрүн алып сакаңды,
Ордого алып барамын.
Көп ооруга дары — деп,
Куюн алам өтүңдү.
Куржунга салып артынып,
Кургатып кетем этиңди.
Териңди тетир тилемин,
Теңириң болсо таштап ий,
Жаяңды чокко кактап жеп,
Жыргал күнгө киремин.
Кайрылып укпайм сөзүңдү,
Канчадан берки убара,
Алайын сенден өчүмдү.
Ак марал бар деп коркутпа,
Таалайыман көрөрмүн.
Качып адам кутулбайт,
Ажал жетсе өлөрмүн».
Мына ошондо эр Жоодар,
Кайкы кылыч ак болот
Керклип шилтеп калганы.
Алтымыш айры Ак бугу
Бакандай мүйзүн калжайтып,
Кыя чаап салганы.
Кайран Жоодар балаңыз,
Кылган ишин караңыз.
Ит-Өтпөстүн токою,
Ар коктусу миң булак.
Сымаптай суусу туптунук,
Агын жаткан шыркырап.