Кууп жүрүп эр Жоодар,
Адам изин салбаган
Бир, белгисиз жайга келгенде,
Чубалып качкан Ак марал
Эми жетем дегенде.
Асман калды бүркөлүп,
Аяктай жерде ачык жок,
Кара булут чүмкөнүп.
Кара нөшөр дыбырлап,
Мөндүрдөй түшүп шыбырлап.
Каптап кирип келди эле
Кар арадан шыбыргак.
Бексөдөн булут бөлүнбөй,
Эки жагын караса
Түк эчтеме көрүнбөк.
Караргандан түнөрүп,
Күн экени билинбей.
Кыраан Жоодар балага
Түн экени билинбей.
Ак жайдын күнү ошондо,
Кар аралаш боздогон
Бороон болуп берди эле.
Андай-мындай дегиче,
Ачып көздү жумгуча,
Суу аралаш жааган кар
Тизеге чыгып келди эле.
Кубалап келген Ак марал
Кай кеткени билинбей,
Карааны көзгө илинбей,
Жер жуткандай болду эми.
Ак маралдан айрылып,
Бала баатыр кайгырып,
Ичине ачуу толду эми.