Акыл айтып өзүмө
Жолдош болгон Кылкара.
Бейлимди кудай алдыбы,
Мертинип жолдон тайдыңбы?
Бир жеримден жактырбай,
Маа таарынып калдыдбы?
Как этип учкан карга жок,
Кук этип учкан кузгун жок,
Куу талаада калдымбы?
Алганбы кудай бейлимди,
Ара жолдо ушинтип,
Ажал айдап келдимби?
Зың, зың этип кенебей,
Бир жанды бойго теңебей,
Жүргөн жаным өзүңдөн
Чын кордукту көрдүмбү?
Алдымдан чыккан Ак марал,
Азгырып келген шайтанбы?
Адам атын укпаган
Жерге келип турганда,
Ач бел, куу жол, кур талаа,
Белге келип турганда.
Айла таап кутулуй,
Кебез-Тоо асыл жериме
Билбедиң кандай кайтарды.
Азап башка келгенде,
Акыл айткан Кылкара,
Адамча сүйлөп койбойсуң,
Сырттан ээңдин башына
Не түркүндү ойлойсуң?
Минтип турсаң, Кылкара,
Ажал жетпей өлөмбү?
Адам көрбөс кордукту
Асыл жаным көрөмбү?
Же болбосо кудурет,
Келген жолун табамбы?
Кебез-Тоо асыл жериме,
Калың кыпчак элиме,
Атам Төштүк сырттанга,
Кенжеке энем кутпанга,
Аман-эсен барамбы.