Жоодарбешим
Басар жолу түгөнбөй,
Арбып кетип баратат.
Үстү булут буу болуп,
Буйдалбай кетип баратат.
Бучкактан аккан суу болуп,
Үстүндөгү эр Жоодар
Айланасын караса,
Күзгүдөй аппак кар болуп.
Не экенин биле албай,
Бу жорукка таң болуп.
Ал аңгыча болгон жок,
Асмандан булут сөгүлүп,
Ак кийиздей аппак кар
Барган сайын жукарып.
НУРКАНДЫН КЫЗЫ НУРПЕРИ
Алды жагын караса
Белес-белес бел болуп,
Асмандагы булутту
Дайынсыз айдап туш-тушка,
Бет маңдай соккон жел болуп,
Келген жери баланын
Каргаша кардан кутулуп,
Жашыл ыраң өң болуп.
Жайкалып чыккан талы бар,
Түркүн жыгач шагы бар,
Жайлоо сымал жер болуп.
Саргарган нечен журт көрдү,
Желесин тартып бээ байлап,
Жаңы эле кеткен эл конуп.
Муну көрүп баатырың,
Буудандын оозун бурду эле.
Бу кызыкка таң болуп,
Туш-тушту карап турду эле.
«Ак маралдан адашып,
Белге келген экем — деп.
Адам жайлап эл көчкөн,
Жерге келген экем — деп.
Куу талаадан кутулуп,
Кудай берсе бир башка
Элге келген экем — деп.
Арбып кетип баратат.
Үстү булут буу болуп,
Буйдалбай кетип баратат.
Бучкактан аккан суу болуп,
Үстүндөгү эр Жоодар
Айланасын караса,
Күзгүдөй аппак кар болуп.
Не экенин биле албай,
Бу жорукка таң болуп.
Ал аңгыча болгон жок,
Асмандан булут сөгүлүп,
Ак кийиздей аппак кар
Барган сайын жукарып.
НУРКАНДЫН КЫЗЫ НУРПЕРИ
Алды жагын караса
Белес-белес бел болуп,
Асмандагы булутту
Дайынсыз айдап туш-тушка,
Бет маңдай соккон жел болуп,
Келген жери баланын
Каргаша кардан кутулуп,
Жашыл ыраң өң болуп.
Жайкалып чыккан талы бар,
Түркүн жыгач шагы бар,
Жайлоо сымал жер болуп.
Саргарган нечен журт көрдү,
Желесин тартып бээ байлап,
Жаңы эле кеткен эл конуп.
Муну көрүп баатырың,
Буудандын оозун бурду эле.
Бу кызыкка таң болуп,
Туш-тушту карап турду эле.
«Ак маралдан адашып,
Белге келген экем — деп.
Адам жайлап эл көчкөн,
Жерге келген экем — деп.
Куу талаадан кутулуп,
Кудай берсе бир башка
Элге келген экем — деп.

