Белгисиз жолго салыпмын, досум,
Перилердин шаарына
Байкасам келип калыпмын, досум.
Арстаным сенин дартыңдан
Азапка чындап түшүптүр, досум.
Алты айдан бери жол карап,
Азабы бүгүн бүтүптүр, досум.
Айланып Жоодар келер — деп,
Нуркандын кызы Нурпери
Алдыңкы жайда күтүптүр, досум.
Аалам журттан табылбас,
Алтын боолуу куш болуп, досум.
Арстаным сага жар болчу,
Нурпери асыл кыз ошол, досум.
Күмүш боолуу куш ошол, досум.
Күндөй бетин нур чалган,
Күн пери асыл кыз ошол, досум.
Касиети өсүптүр, досум,
Канча айдан бер жакка
Каалап сени тосуптур, досум.
Аралап шаарын барып кет, досум,
Нурпери асыл сулууну
Аялдыкка алып кет, досум.
Атайын буга түшө көр, досум,
Аш-тамагын иче көр, досум.
Эки дүйнө болжошуп,
Ант арбагын кыла көр, досум,
Асталап алып жар кылып,
Ар кумардан чыга көр, досум.
Аман болсок барарбыз
Ак калпак кыргыз элиңе,
Аярлап аз кун тура көр, досум,
Жаман сөз айтып кайрылба, досум
Пайдасы тиет башыңа,
Нурпериден айрылба, досум.
Көөдөктүк кылбай көп эле
Көңүл бөл менин сөзүмө, досум.
Нурпериге барганда
Өз акылын өзүңдө, досум.
Перинин жери сыйкырдуу,
Чай кайнам жерин чаалыгып,
Үч күнү чарчап басабыз, досум.
Куру тартпай кайгыны,
Жай жөнүнө түшүнүп,
Көңүлдөн чыксын караңыз, досум.
Кыйла түндөн бер жакка,
Чама чарчап ал кетип,
Чаалыгып кетип баратам.
Чай кайнам алчы, чалдырып, досум.
Сугарып өзөн боюна,
Суусунуму кандырып, досум.
Келе түшсөм табыма, досум,
Эт бышымда жетебиз
Нурпери кыздын айлына, досум».