Жоодарбешим
Баатырдын жүзүн көргөндө,
Балкылдап жүрөк зырп этип.
Көргөнгө сонун сыр болуп,
Көз уялат тим эле,
Көшөгө ичи нур болуп.
Үй толтура кут болуп,
Токтобой баатыр кеп айтат,
Нурдун кызы Нурпери
Көшөгөгө жашынса
Кыйналып өзү бук болуп.
Кыйла күндөн бер жакка
Адам менен сүйлөшпөй,
Кумары ичке жык толуп:
«Адырда кайын, талсыңбы,
Адамдын көөнүн козгогон,
Ай чырайлуу Нур кызы
Нурпери, эсен барсыңбы?
Күңгөйдө кайың талсыңбы,
Күмүш нурлуу жансыңбы,
Күндөй бетин нур чалган
Күн сулуу, эсен барсыңбы?
Айлыбыз ак кар, салкында,
Азамат жолун тоскон кыз,
Айтар сөздөн тартынба.
Көп жашынба, уялып,
Көшөгөнүн артында.
Адашып келдим жол таппай,
Сыйкырлуу пери калкыңа.
Сыноо сөздөн салбастан,
Жактырган болсоң бери чык.
Качпаймын акыр чыдаймын,
Сыры бар сулуу антыңа.
Чындап жолум тосупсуң,
Жетемин деп мен келдим,
Жароокер сулуу баркыңа».
Кыздын жообун түгөтө
Жоодар сөздү салды эле.
Айдай бетин нур чалып,
Көшөгөдөн Нурпери
Жарк этип чыга калды эле.
Баатырдын айткан саламын
Баш ийип кабыл алды эле.
Жүз көрүшүп турду эле,
Кол берип колун алышып,
Көрө албай жүргөн Нур кызы
Эр Жоодар менен таанышып.
Сагынышкан жанга окшоп,
Жай сурашып калышып.
Ким экенин билгизип,
Сырдана сөзгө салышты
Бирин бири таанытып.
Аттай туйлап эт жүрөк,
Козголуша калган жер.
Балкылдап жүрөк зырп этип.
Көргөнгө сонун сыр болуп,
Көз уялат тим эле,
Көшөгө ичи нур болуп.
Үй толтура кут болуп,
Токтобой баатыр кеп айтат,
Нурдун кызы Нурпери
Көшөгөгө жашынса
Кыйналып өзү бук болуп.
Кыйла күндөн бер жакка
Адам менен сүйлөшпөй,
Кумары ичке жык толуп:
«Адырда кайын, талсыңбы,
Адамдын көөнүн козгогон,
Ай чырайлуу Нур кызы
Нурпери, эсен барсыңбы?
Күңгөйдө кайың талсыңбы,
Күмүш нурлуу жансыңбы,
Күндөй бетин нур чалган
Күн сулуу, эсен барсыңбы?
Айлыбыз ак кар, салкында,
Азамат жолун тоскон кыз,
Айтар сөздөн тартынба.
Көп жашынба, уялып,
Көшөгөнүн артында.
Адашып келдим жол таппай,
Сыйкырлуу пери калкыңа.
Сыноо сөздөн салбастан,
Жактырган болсоң бери чык.
Качпаймын акыр чыдаймын,
Сыры бар сулуу антыңа.
Чындап жолум тосупсуң,
Жетемин деп мен келдим,
Жароокер сулуу баркыңа».
Кыздын жообун түгөтө
Жоодар сөздү салды эле.
Айдай бетин нур чалып,
Көшөгөдөн Нурпери
Жарк этип чыга калды эле.
Баатырдын айткан саламын
Баш ийип кабыл алды эле.
Жүз көрүшүп турду эле,
Кол берип колун алышып,
Көрө албай жүргөн Нур кызы
Эр Жоодар менен таанышып.
Сагынышкан жанга окшоп,
Жай сурашып калышып.
Ким экенин билгизип,
Сырдана сөзгө салышты
Бирин бири таанытып.
Аттай туйлап эт жүрөк,
Козголуша калган жер.

