Териңди тетир сыйырып,
Сүбөңдү сүйрү жарбасам.
Эсебиңди таппасам,
Жилигин. түгөл чакпасам.
Келген ачуум басылар,
Бооруңду отко кактасам.
Жоодар болбой өлөйүн,
Туубай туна чөгөйүн,
Басар жолуң билбесем.
Кесип барып башыңды,
Калжайтып зоого илбесем.
Арып-ачып келгемин,
Кебез-Тоо асыл жеримден,
Калын, кыпчак элимден.
Атам Төштүк алп үчүн,
Атама берген ант үчүн.
Алтын баштуу Ак аркар,
Алыстагы даңкы үчүн.
Ата жолун жолдогон,
Башынан келген салт үчүн.
Тентип жүрсөм талаада,
Карачы мунун шылдыңын.
Аткан огум жаңылып,
Бул эмине кырсыгың?»
Деп ошентип эр Жоодар,
Алдындагы Кылкара
Катуулап камчы салганы.
Араандай оозун ачтырып,
Ак көбүгүн чачтырып.
Чындап ачуу чыгарып,
Каны качып кубарып.
Алдындагы бууданы
Жал-куйругу чубалып.
Алтымыш айры Ак бугу
Артынан кууп калганы.
Баатырды көрүп шашты ошол,
Тетир жолду бет алып,
Тегеренип качты ошол.
Баатыр Жоодарбешимдин,
Кайра изине салды ошол.
Токсон тоонун урунуш,
Токсон дайра куюлуш,
Аралап жөнөп калды ошол.