Кызыкка бала батканы,
Жумурткадай ак сандык
Жумурунан тапканы.
Ала коюп колуна,
Токтобой оозун ачканы.
Ал сандыктын ичинде,
Алты кучкач бар экен.
Ошо кучкач айтылуу,
Темир алптын жаны экен.
Жаныбарың Ак аркар
Көтөрүп жүрүп ошону,
Эти болгон көк жашык,
Кызылы жок бир тамчы,
Каны калган бир кашык.
Жумурунда жук калбай,
Карынында как калбай,
Катуу карып болултур,
Көк тарамыш эт калып,
Катуу арык болуптур.
Айлакер дуба чоңунан
Жүргөн экен көтөрүп,
Амалынын жогунан.
Бек бекитип сандыкты,
Жан чөнтөккө салды эле.
Алтын башын аркардын
Бекитип курга чалды эле.
Эти жору, кузгунга
Тамак болуп калды эле.
Намысын алып эр Жоодар,
Сүйүнгөнүн сураба.
Кылкара көздөй кыялап,
Жүгүргөнүн сураба.
Чоюндун уулу Темир алп
Эрдигимди көрсүн — деп.
Эсебин чындап табамын,
Эрен бала келсин —деп.
Алтын сака жанымда
Өзү келген жол менен
Темир кан жаны менмин — деп.
Кылкарага барды эле,
Жалын тарап буудандын
Жүгөнүн сыйрып алды эле.