Шырп эткен дабыш чыгарбай,
Аңдып чыгып алыстан
Жыт оңдуулап баса көр».
Деп ошентип акылды
Кылкара айтып басылды.
Баатыр Жоодар ошондо
Суу боюнда жаш кайын,
Бүрдүү чыккан баш кайың,
Так ошого барыптыр.
Жаныбарың Кылкара,
Ээрин алып жайдактап,
Аса байлап салыптыр.
Алтын жаак сыр жебе
Эми колго алды эле.
Аркар издеп адырдан,
Салмак болду аңгеме
Жеңилдеп кийим кийинип,
Мергендик сыны билинип.
Эки басып бир тынып,
Далдаасын карап кылтыйып
Шамалдын жолун тууралап,
Тескейдин жолун кыялап,
Айтылуу жерге барды эле.
Кырдан чыгып кылтыйып,
Туш-тушка көзүн салды эле.
Куюлушун караса,
Кумда жатат кулжасы.
Ар түрдүү аңга толтура
Бөксө тоонун жылгасы.
Карап турса эр Жоодар,
Бөлүнүп басып топтобойт.
Өзү издеген аркарга
Кылайып бири окшобойт.
Кылын басып эр Жоодар
Үркүтпөй андан өттү эле.
Нечен белес бел ашып,
Кыйла жерге жетти эле.
Караса көөнү бөлүнүп,
Жер сонуну балага
Бир башкача көрүнүп.
Бир адырын караса,
Куюлуп жаткан кызыл кум.
Бир адырын караса,
Жошулуп жаткан кара кум.
Арасынын баарында
Оюк-оюк көгү бар.
Майда жыбыт, боз шагыл,
Кийик өтөр жери бар.
Карап турса эр Жоодар,
Анда бир жан көрүнбөйт.
Өзү издеген Ак аркар,
Эч бир шеги билинбейт.