Барар жолум алыс жол,
Кылар ишим дан мол.
Токсой тоонун урунуш,
Токсон дайра куюлуш.
Куюлуштун өзүндө
Айтылуу Алтын-Булак бар.
Ал будакта Ак аркар,
Аны издеп табамын,
Күмүш-Күңгөй тараптан.
Буюрган болсо кудурет,
Буйдалбай кармап аламын.
Атамдан уктум аныктап,
Сыйкырдуу Аркар кабарын,
Аксаамай сулуум, кайгырба,
Тагдыр жазса көрөйүн,
Асыл жар айып болбосо,
Аттанып ага жөнөйүн.
Атып алсам ошону
Артынып алып келейин».
Дегенде сулуу Аксаамай,
Буурчактай жашы төгүлүп,
Сырттандын айткан кебине,
Кабыргасы сөгүлүп.
Кайра туруп ойлонуп:
«Кайгырсам бөөдө сырттанды
Капа кылып алам — деп.
Бел байлоочу бели жок,
Калка кылаар караан жок».
Деп ошентип Аксаамай,
Жарк этип күлүп ачылды.
Жамалы жайнап жайдары,
Моюнуна асылды.
Жароокер сулуу кеп айтат,
Эркелетип баатырды:
Арстакым, Жоодар, акылман,
Ал оюңуз чын болсо,
Аккаңкы ээриң токунуп,
Кылкара минип жолго сал.