Жоодарбешим
Анысына булардын,
Алтын нурлуу күн калыс,
Ачык асман ал калыс,
Келишимдүү уз калыс,
Бир жигит, кырк кыз калыс.
Кырааныңдын алганы,
Аксаамай асыл жар болуп.
Жайланып жатып калыптыр,
Ак ордо ичи шаң болуп.
Алыстан издеп келгени,
Айтканындай бар болуп.
Кызыкка бала батыптыр,
Кыйла күнү ордодон,
Сыртка чыкпай жатыптыр.
Андан кийин балаңыз,
Ар акылын караңыз.
Көк ала желек, кызыл туу
Көкөлөтө сайыптыр.
Кара-Көлдүн калың журт,
Түгөл жыйып алыптыр.
Калайыкка жар салып,
Кайран досу Жезилик
Кан көтөрүп салыптыр.
Башчысы жок калган журт
Бул кылганы эп — деди.
Сырттандын уулу Жоодардын
Айтканы туура кеп — деди.
Ал Жезилик баатырдын
Кара-Көл болду турагы.
Тандап туруп баатырын,
Кырк жигит башын курады.
Азганактай ал элди
Эрки менен сурады.
Ал Жезилик канына
Калайык болгон ыраазы.
Кара калды как жарган,
Калкына калыс кан болду.
Алтын нурлуу күн калыс,
Ачык асман ал калыс,
Келишимдүү уз калыс,
Бир жигит, кырк кыз калыс.
Кырааныңдын алганы,
Аксаамай асыл жар болуп.
Жайланып жатып калыптыр,
Ак ордо ичи шаң болуп.
Алыстан издеп келгени,
Айтканындай бар болуп.
Кызыкка бала батыптыр,
Кыйла күнү ордодон,
Сыртка чыкпай жатыптыр.
Андан кийин балаңыз,
Ар акылын караңыз.
Көк ала желек, кызыл туу
Көкөлөтө сайыптыр.
Кара-Көлдүн калың журт,
Түгөл жыйып алыптыр.
Калайыкка жар салып,
Кайран досу Жезилик
Кан көтөрүп салыптыр.
Башчысы жок калган журт
Бул кылганы эп — деди.
Сырттандын уулу Жоодардын
Айтканы туура кеп — деди.
Ал Жезилик баатырдын
Кара-Көл болду турагы.
Тандап туруп баатырын,
Кырк жигит башын курады.
Азганактай ал элди
Эрки менен сурады.
Ал Жезилик канына
Калайык болгон ыраазы.
Кара калды как жарган,
Калкына калыс кан болду.

