Жоодарбешим
Конок берсең азыраак,
Сөз кезеги меники.
Салмак салып байкасак,
Сөз үстөмү сеники.
Билипсиң, сөздүн калыбын,
Жана айтам сага аныгын.
Жоодарбешим мен элем,
Бүшүркөбөй тааныдың.
Калыс болуп өзүң айт,
Кай жерде менин айыбым.
Ар кимдерден кеп уктум,
Агача канды Жанаалы
Жай кылган экен — деп,—- уктум.
Калкына ошол чоң — деди,
Капаста жатып камалган,
Аксаамай сулуу кор — деди.
Калкынын баары жатканы
Караңгы терең ор — деди.
Тартканы азап, шор — деди.
Кылычым канга май кылдын,
Кылыгы жакпай өзүмө,
Жанаалы дөөнү жай кылдым.
Азап менен шорунан,
Казылуу жаткан орунан,
Жайылуу жаткан торунан,
Жапаалынын колунан
Азат кылдым калкыңды.
Жазыксыз жанды айыптап,
Башынан берки айтыңбы?
Жана туруп өзгөрттүң,
Курбучулук шартыңды.
Эже болуп өзүмө,
Садага — деп,— кеп айтып,
Козгойсуң, ичте дартымды.
Айткан сөзүң жүрөккө
Тийип турат кадала.
Жаш күнүңдөн сабыркап,
Жашапсың кайгы санаада.
Жанаалы дөө чан, салып,
Жай жаткан бакыт калааңа.
Кылганы жетип башына,
Жайын таап калды талаада.
Кыялыңды өзгөртчү,
Кымбатым, сулуу Аксаамай,
Кыңыр сөз албай санааңа.
Ат арытып келатам
Кебез-Тоо асыл жеримден,
Калын кыпчак элимден.
Сөз кезеги меники.
Салмак салып байкасак,
Сөз үстөмү сеники.
Билипсиң, сөздүн калыбын,
Жана айтам сага аныгын.
Жоодарбешим мен элем,
Бүшүркөбөй тааныдың.
Калыс болуп өзүң айт,
Кай жерде менин айыбым.
Ар кимдерден кеп уктум,
Агача канды Жанаалы
Жай кылган экен — деп,—- уктум.
Калкына ошол чоң — деди,
Капаста жатып камалган,
Аксаамай сулуу кор — деди.
Калкынын баары жатканы
Караңгы терең ор — деди.
Тартканы азап, шор — деди.
Кылычым канга май кылдын,
Кылыгы жакпай өзүмө,
Жанаалы дөөнү жай кылдым.
Азап менен шорунан,
Казылуу жаткан орунан,
Жайылуу жаткан торунан,
Жапаалынын колунан
Азат кылдым калкыңды.
Жазыксыз жанды айыптап,
Башынан берки айтыңбы?
Жана туруп өзгөрттүң,
Курбучулук шартыңды.
Эже болуп өзүмө,
Садага — деп,— кеп айтып,
Козгойсуң, ичте дартымды.
Айткан сөзүң жүрөккө
Тийип турат кадала.
Жаш күнүңдөн сабыркап,
Жашапсың кайгы санаада.
Жанаалы дөө чан, салып,
Жай жаткан бакыт калааңа.
Кылганы жетип башына,
Жайын таап калды талаада.
Кыялыңды өзгөртчү,
Кымбатым, сулуу Аксаамай,
Кыңыр сөз албай санааңа.
Ат арытып келатам
Кебез-Тоо асыл жеримден,
Калын кыпчак элимден.

