Жоодарбешим
Кечкендигиң чын экен.
Алтын башын Аркардын,
Кескендигиң чын экен.
Тиктегенди көзгө аткан,
Мергендигиң чын экен.
Перилердин шаарына
Пери заада жактырып,
Келгендигиң чын экен.
Бала сырттан атанган
Берендигиң чын экен.
Пейилиа менен таалайың
Кенендиги чын экен.
Акылын, бар, эсиң бар
Тереңдигиң чын экен.
Ар ким угуп кабарын
Айтканындай экенсиң.
Атың кеткен алыска
Даңканың бар экенсиң.
Айланайын сырттанын,
Айтылган буйрук меники,
Аткарган мөөрөй сеники.
Кабылан, жолборс, арстанды
Карсылдатып сабапсың.
Каалгалуу коргонго,
Кабыштырып камапсың.
Шерлериң турса күркүрөп,
Добушун уккан жандардын,
Бүткөн бою дүркүрөп.
Бошонуп кетсе өлдүк — деп,
Айылга чыкпай жаш балдар,
Кор болуп калды мүңкүрөп.
ЖООДАРБЕШИМ НУРПЕРИНИ АЛЫП ЭЛИН КӨЗДӨЙ ЖӨНӨГӨН ЖЕРИ
Көп токтобой ошондо,
Кары Нур туруп ойлонуп,
Акыл ойлоп толгонуп,
Баатыр Жоодар эр менен,
Аткармак болду сулууну,
Шарактаган той болуп.
Бүгүн бүттү булардын,
Шаан-шөкөт ырымы.
Падыша Нур аябай,
Бар дүйнөнү төңкөрүп,
Жөнөтмөк болду буларды,
Энчи берип, сеп* берип.
Сайма килем санатсыз,
Эби менен бүктөтүп,
Алтын өргөө, ар шайман,
Элүү төөгө жүктөтүп.
Арканын жибек тарттырып,
Алтын жамбы, ак күмүш,
Атан лөккө арттырып.
Нурпери сулуу мингенге,
Асем менен токуду,
Кандын кара жоргосун,
Жылкыларга окшош — деп,
Узак жолго чыгат — деп,
Эрлерче кийим кийгизип,
Жарагын тагып жанына,
Эр сыпатын билгизип.
Кара жорго, Кылкара,
Коендон бетер окшошуп,
Жандай чаап кыз, жигит,
Жаңы жолго узатып,
Алып чыкты коштошуп.
Желектин башы буралып,
Баатыр Жоодар, Нурпери,
Бара жатат кубанып.
Коштоп чыккан сеп менен
Катарлап төөлөр чубалып.
Нурпери, Жоодар жанына
Ээ болуп кечке кеткенге
Эки жигит бериптир,
Асмайыл менен Осмоюл,
Аты уйкашын бөлүптүр.

