Сеп арткан жалаң нар менен,
Нурпери сулуу жар менен,
Эки жигит эр менен.
Ашып өтүп келатат,
Эчен белес бел менен.
Элин көздөй бет алып,
Эңсеген жылуу дем менен.
Ошол кезде эр Жоодар,
Кылчайып артын карады.
Кай кеткени билинбей,
Жер жуткандай болуптур,
Көрүнбөй шаардын карааны.
Нурпериден сураса,
Дубасын пери салды дейт.
Адамзатка көрүнбөс,
Бул перинин жан, мүлкү
Закым болуп калды дейт.
Баатыр Жоодар, Нурпери,
Бурулуштун бөксө жол
Бурулуп басып өттү эле.
Кыйла күнү жол жүрүп,
Оонабастын дайрасын
Он бир тепчип кечти эле.
Жана бир ай жол жүрүп,
Жыламыштын тоосуна
Жыла көчүп жетти эле.
Ошол жерге келгенде,
Алдындагы буудандын
Арыганын эске алып,
Алты күн өрүк болду эле.
Аркар атып, бөкөн кууп,
Тамашаны салды эле.
Эки жигит эриккен
Ал да кумар канды эле.
Жая тилип, жай жатып,
Бордукканча тоюшту,
Чүйгүндөп этти салышып.
Куржунга толо тамак-аш,
Жол азык камдап алышып,
Жана жөнөп калышты,
Нарга жүктөп, көч артып.
Нурпери, Жоодар алдында,
Адашпас үчүн жол тартып.
Алдындагы буудандар
Арыш таштап алчаңдап,
Көтөрүлүп көңүлү,
Желдей учуп асмандап.
Бараткан көчкө жол баштап,
Кете берсин бул экөө,
Эч нерсе жок оюнда.
Асмайыл менен Осмоюл
Көч жетелеп келишип,
Токтоду суунун боюна.

АСМАЙЫЛ МЕНЕН ОСМОЮЛДУН ЖОРУГУ

Эки жигит көч башчы,
Кыялы башка бузулуп,
Келе жаткан башынан,
Нурпериге кызыгып.
Жүк артылган нарларды,
Бири тиздеп, бири айдап,
Жолго чыккан неме экен,
Кыйыктанып ичинен,
Кан бийлиги күчүнөн,
Зорго чыккан неме экен.
Эки жигит ошондо,
Кеңешти мындай курду эле,
Нээти жаман бурулуп,
Кудай минтип урду эле.
Асмайыл туруп мыңкылдап,
Осмоюлга кеп айтат,
Угуп турчу, сен ургур,
Акыл мындай деп айтат:
«Дагы жолду басалык,
Бараткан жерде шылк этип,
Ооруп жатып калалы,
Көзүбүзгө жаш алып.
Көрүнөө тамак жегенди
Экөөбүз бирдей коелук,
Көп дары берсе айыкпас,
Көнөк оору бололук.
Ар дары берсе жакпаса,
Арганы бизге таппаса,
Бечара деп боору ооруп,
Өзүбүздөн сураса,
Сөздү башка салалы!,
Ага, бир акыл ойлоп табалы.
Экөөбүздүн оорубуз,
Башынан берки адат — деп,
Гүлгаакы гүлүн жыттасак,
Ошол бизге жагат — деп.
Болбосо баатыр, өлдүк — деп,
А дүйнө жайын көрдүк —деп,
Онтогон бойдон жаталык.
Ооруну минтип табалы,
Оорудан турбай маталып,
Уу коргошун казалык,
Өлбөгүдөй жеп алып,
Мас бололу үргүлөп,
Шайы кеткен кишидей,
Көз ачпай жатсак үлдүрөп
Анда туруп Нурпери,
Жаман жумуш дебейби,
Кири жок сулуу эселек,
Биз үчүн кайгы жебейби.