Жоодарбешим
Гүлгаакы гүлүн жыттаткан,
Жыты менен мас кылып,
Жети күн катар уктаткан.
Ооруган жандар зарыгып,
Ал дарыны бергенде
Кеткенбиз түгөл айыгып.
Не айтабыз, Нурпери,
Ажал жетип өлдүк да,
Жардамды езүң кылбасаң,
А дүйнө жайды көрдүк да.
Ал гүлдү издеп ким барат,
Дайынын билген адам жок,
Издеген менен ким табат?
Чыккан жери ал гүлдүн,
Ит-Ичпестин Ала-Көл,
Арасы алыс кыйла жер.
Алты айчылык жол болот,
Арасы кыйла мол болот.
Убара болбо Нурпери,
Ажал жетсе өлөрбүз,
Алладан жардам болбосо,
А дүйнө жайды көрөрбүз.
Кокус көздөр жумулса,
Көр казып терең оерсуң,
Ит менен кушка жем кылбай,
Бек жашырып коерсуң».
Деп, жашыса агасы,
Ыйлабай турган Нурпери,
Барбы мунун чарасы.
Эр Жоодарга кеп айтат:
«Кырааным, укчу,—деп айтат.
Атам Нурдун шаарынан,
Алыс кеттик аттанып.
Кыялым чөгүп, санаам көп,
Келаткан көңүл шаттанып.
Кошуп берген кошуңа,
Агаларды карачы,
Бир кеселге кабылып.
Көңүлүң болсо аттанчы,
Гүлгаакы гүлү бар болсо,
Калар дейм баатыр табылып.
Майып болсо кокустан,
Атама кабар угулса,
Калар дейм бизге таарынып.
ЖООДАРБЕШИМДИН ГҮЛГААКЫНЫН ГҮЛҮН ИЗДЕП ЖӨНӨГӨНҮ ЖАНА КУЮН ЖЕЛДЕҢГЕ ЖОЛУККАНЫ
Муну укканда эр Жоодар,
Кылкара токуп бүлүнүп,
Кылторко тонун кийинип.
Алтын жаак сыр жебе,
Акырекке илинип.
Кынсыз кылыч байланып,
Кыраандык түрү билинип:
«Айланайын, агалар,
Атамдай көргөн, тагалар,
Бар деген жакка барайын,
Гүлгаакы гүлүн жер кезип,
Бар жерден издеп табайын.
Таап кайтар күнүм бар чыгар,
Болсо менин таалайым.
Ит-Ичпестин Ала-Көл,
Көлгө чейин барайын.
Адам атын укпаган,
Жерге чейин барайын.
Мээ кайнаган алыскы
Чөлгө чейин барайын».
Деп ошентип баатырың,
Кылкара оозун бурган жер,
Нурпери агалар менен
Кош айтышып турган жер:
«Аман болсом айланып,
Аз эле күндө келемин.
Алдымдагы Кылкара
Көргөзөр эми өнөрүн.
Кылчайбай жолго салайын,
Бул турушта пайда жок,
Гүлгаакы гүлүн табайын».
Алдындагы Кылкара
Бучкакка камчы салды ошол.
Айдай сулуу Нурпери
Агаларын каралап,
Көк жайлоо төрдө калды ошол.

