Жоодарбешим
Топурак учуп тоз болуп,
Жоодар келди дегенде,
Жандын баары козголуп.
Жоо келгендей бүлүнүп,
Дайыны жок капкайда,
Жоголду деген түнүлүп.
Атын уккак адамдар,
Анталаңдап сүйүнүп.
Антпегенде кантет,
Жанаалынын орунан,
Чыгарган Жоодар эмеспи.
Капкалуу темир капастап,
Куткарган Жоодар эмеспи.
Эр кадырын элине
Билгизген Жоодар эмеспи.
Кадыр түнгө бул журтту,
Киргизген Жоодар эмеспи.
Өчкөн өтүп тамызып,
Күйгүзгөн Жоодар эмеспи.
Өлө турган болгондо,
Тиргизген Жоодар эмеспи.
Жарды журтту бай кылып,
Жалгаган Жоодар эмеспи.
Жазыксыз элди камаган,
Жанаалы дөөнү бир жолу,
Жалмаган Жоодар эмеспи.
Эл жалгаган Жоодардын,
Иши чыгып онунан,
Эл башкарган Жезилик,
Каны чыгып жолунан.
Кары, жашы аралаш,
Баары тосуп жолунан.
Эрдемсиген элинин,
Эри тосуп жолунан.
Калк бийлеген кайкайып,
Беги тосуп жолунан.
Жылкычы, койчу, бадачы
Бу да тосуп жолунан.
Такалуудан тай калбай,
Бу да тосуп жолунан.
Эл көрүшүп болгон соң
Эл көңүлү толгон соң,
Камчы салып жоргого,
Жоодар жолду тартыптыр,
Аксаамайдын ордого.
Ошондо сулуу Аксаамай,
Бугудан басып буралып,
Кундуздай чачы чубалып.
Отуз жөкөр кыз менен,
Озуна басып Жоодарды,
Тосуп чыкты суналып.
Кыргый мүчө, кыз кыял,
Кымча бели кыналып.
Айдай бети нурланып,
Кийгени манат сыланып.
Какшыктап Жоодар баатырды,
Кыйыта айткан сөзү бул,
Кыяктай үнүн чыгарып:
«Саламат-эсен келдинби, баатыр,
Сагынган элди көрдүңбү, баатыр,
Алдында атын азбаптыр, баатыр,
Үстүңдө тонун, тозбоптур, баатыр.
Өзүңдүн өңүң бозбоптур, баатыр,
Кадыр түнгө кирдиңби, баатыр.
Же болбосо жоо менен,
Кайгуул чалып жүрдүнбү, баатыр.
Кушундун боосу кут болсун, баатыр,
Алган жарын Нурпери,
Бир өзүнө жуп болсун, баатыр.
Жоодар келди дегенде,
Жандын баары козголуп.
Жоо келгендей бүлүнүп,
Дайыны жок капкайда,
Жоголду деген түнүлүп.
Атын уккак адамдар,
Анталаңдап сүйүнүп.
Антпегенде кантет,
Жанаалынын орунан,
Чыгарган Жоодар эмеспи.
Капкалуу темир капастап,
Куткарган Жоодар эмеспи.
Эр кадырын элине
Билгизген Жоодар эмеспи.
Кадыр түнгө бул журтту,
Киргизген Жоодар эмеспи.
Өчкөн өтүп тамызып,
Күйгүзгөн Жоодар эмеспи.
Өлө турган болгондо,
Тиргизген Жоодар эмеспи.
Жарды журтту бай кылып,
Жалгаган Жоодар эмеспи.
Жазыксыз элди камаган,
Жанаалы дөөнү бир жолу,
Жалмаган Жоодар эмеспи.
Эл жалгаган Жоодардын,
Иши чыгып онунан,
Эл башкарган Жезилик,
Каны чыгып жолунан.
Кары, жашы аралаш,
Баары тосуп жолунан.
Эрдемсиген элинин,
Эри тосуп жолунан.
Калк бийлеген кайкайып,
Беги тосуп жолунан.
Жылкычы, койчу, бадачы
Бу да тосуп жолунан.
Такалуудан тай калбай,
Бу да тосуп жолунан.
Эл көрүшүп болгон соң
Эл көңүлү толгон соң,
Камчы салып жоргого,
Жоодар жолду тартыптыр,
Аксаамайдын ордого.
Ошондо сулуу Аксаамай,
Бугудан басып буралып,
Кундуздай чачы чубалып.
Отуз жөкөр кыз менен,
Озуна басып Жоодарды,
Тосуп чыкты суналып.
Кыргый мүчө, кыз кыял,
Кымча бели кыналып.
Айдай бети нурланып,
Кийгени манат сыланып.
Какшыктап Жоодар баатырды,
Кыйыта айткан сөзү бул,
Кыяктай үнүн чыгарып:
«Саламат-эсен келдинби, баатыр,
Сагынган элди көрдүңбү, баатыр,
Алдында атын азбаптыр, баатыр,
Үстүңдө тонун, тозбоптур, баатыр.
Өзүңдүн өңүң бозбоптур, баатыр,
Кадыр түнгө кирдиңби, баатыр.
Же болбосо жоо менен,
Кайгуул чалып жүрдүнбү, баатыр.
Кушундун боосу кут болсун, баатыр,
Алган жарын Нурпери,
Бир өзүнө жуп болсун, баатыр.

