Олжо, буйлаң мол болсун, баатыр,
Көп жылы катар көрүнбөй,
Келгениңе жол болсун, баатыр.
Чогойно, куурай чооруңду,
Чойкоктотпой нары тарт, баатыр.
Жашым жылас болгондо,
Жолоочулап келипсиң,
Жолуң менен кайра тарт, баатыр.
Перинин шаарын чалыпсың, баатыр,
Периден сулуу алыпсың,
Бейтаалай жаным калыпмын, баатыр».
Ошондо Жоодар кайраның,
Кубаргандан кумсарып,
Кыйын жерде тил катпай,
Кысталган эмес мынчалык.
Аксаамайдын айтканын,
Угуп турган Нурпери.
Кысталганын кыраандын,
Туюп турган Нурпери.
Ак тамагы былк этип,
Акырын сүйлөп кыңк этип.
Аттан түшүп акырын,
Тал чыбыктай ийилип,
Аксаамайдын алдына,
Таазим кылын жүгүнүп:
«Шүгүрчүлүк, Аксаамай эже,
Житире аткан жебеден,
Жүрөккө тийген сез таамай, эже.
Тийип алып күйөөңө, эже,
Тиземден баттым күнөөгө, эже.
Жамандык кылар нээтим жок,
Жазыксыздап бирөөгө, эже.
Арстан Жоодар сеники,
Ашкере атып ант кылам,
Аз күндөрү меники, эже.
Жаркырап тийген күнүмсүң, эже,
Жакшы имерип жолго сал,
Жанында жүргөн күңүңмүн, эже.
Үйгө кирсем отуңмун, эже,
Сыртка чыксам кулуңмун, эже.
Буйруптур никем кайыптай, эже,
Сырттан Жоодар баатырга,
Биз өңдөнгөн зайыптай, эже.
Мойнуңа мончок тагып ал, эже,
Уялаштай көрөйүн,
Сиңди кылып багып ал, эже.
Алдыңдан кыя баспайын, эже,
Мен дагы Нурдун кызы элем,
Абийиримди ачпагын, эже.
Төрүбүздө күн болсун, эже,
Өлгөнчө жанды сыйлашмай,
Төркүнүбүз бир болсун, эже».
Деп ошентип Нурпери,
Көзүнөн жашы кылайып,
Аксаамайдын алдында,
Акырын сүйлөп муңайып.