Жоодарбешим
Оюна келип Жоодардын,
Капа түштү ичине.
Кайран Жоодар эл, жерин,
Куса болуп сагынып.
Кайрылып үйүн көрө албай,
Укмушка улам чалынып.
Кете турган өңдөнүп,
Алдыртан алды камынып.
Баатырына бир күнү,
Желдең досу кеп айтат,
Улуксаат болсо улугум,
Угуп турчу деп айтат:
«Калыбымдан жазбастан,
Кыдырып жерди жөнөйүн,
Эки жыл күт, жан досум,
Кебез-Тоо асыл жериңе,
Жетип барып келейин.
Эрен Жоодар өзүңдөн,
Элиңе кабар берейин.
Эл, жериңди бет алып,
Анан кийин жөнөгүн».
Жолдошунун сыры чын,
Жоодар кабыл алды эле.
Желдей учуп зуулдап,
Желдең жолго салды эле.
Кайран досум келер — деп,
Карааның күтүп калды эле.
Ал аңгыча болгон жок,
Айлар өттү, жыл өттү.
Куюн Желдең кеткени,
Кыйла мезгил күн өттү.
Эки жылга толгондо,
Камгактай учуп көк менен,
Жетип келди Жоодарга,
Бир башкача кейпи менен.
ЖООДАРБЕШИМДИН ЭР ТӨШТҮКТҮ ЖОО ЧААП КЕТТИ ДЕП КАБАР УГУП ЖӨНӨГӨНҮ
Шашып Желдең кеп айтат,
Угуп тур Жоодар деп айтат:
«Айлыңды душман алыптыр, досум,
Чоюндун уулу Темир алп
Чоң бүлүктү салыптыр, досум,
Татканы элдин шор экен, досум,
Сенин атаң Төштүктүн
Жатканы терең ор экен, досум.
Азгаанактай элиңдин
Татканы азап, шор экен, досум.
Ал Темир алп ургурдан
Айла таап элиңди
Куткарар пенде жок экен, досум.
Айлыңды түгөл камаптыр, досум,
Менменсинип чыкканын,
Карсылдатып сабаптыр, досум.
Ал зулумдун зарпынан,
Калкын, түгөл жадаптыр, досум,
Сулуусун кыздын тандаптыр, досум,
Желдеттин башын кандаптыр, досум.
Жакшы, жакшы кишиңди,
Бирин койбой жайлаптыр, досум.
Сен алыста жүргөндө,
Ушинтип кудай каргаптыр, досум».
Деп ошентип жөө күлүк,
Салып келди чоң бүлүк.
Элдин ичи чуу болуп,
Калаанын калкы дуу болуп.
Эрен Жоодар ошондо,
Жол тартууга бүлүнүп.
Темир кулак алп менен,
Кармашам деп сүйүнүп.
Кылкара токуп минген жер,
Кыраанын, билек түрүнүп.
Жолдош кылып жапына,
Жезиликтей эрди алды.
Жана Жоодар жанына,
Жөө күлүк Желдең аны алды.
Агача кандын Аралбек,
Жаштык кылып барган жок.
Барам деген көп болду,
Башкадан жолдош алган жок.
Эр Жоодардын мингени,
Каса тулпар Кылкара,
Желдей учуп зуулдап,
Жеткизбеген бир жанга.
Жанындагы Жезилик,
Минген экен казатка,
Жети аяктуу жээрде атты.
Жерге тийбейт аягы,
Бар өңдөнүп канаты.
Жараштырып боюна,
Асынган албарс жаракты.
Сырттан эрдин жанында,
Жандай чаап баратты.
Көз чаптырып туш-тушка,
Абайлап жан жак тарапты,
Алдында барат жөө күлүк,
Таяктан минген аты бар,
Анда-мында бир тийип.
Аттан күлүк жүргөнү,
Чарчар эмес чаалыгып,
Кыдырса бүтүн дүйнөнү.
Баратканы эң кызык,
Бири чабал, экөө дөө,
Экөө атчан, бирөө жөө.
Басып өткөн жерлери,
Улабастын Улуу-Тоо.
Кыйла күндөн бер жакка,
Кыдырып өттү кыйла зоо.
Токтобой жолго салганы,
Нечен токой аралап,
Кечип нечен дайраны.

