Жоодарбешим
Аманатын эр Жоодар
Кылып кетти орундап.
Кара-Көлү Кайнардын
Арасы кыйла жол экен.
Үзөңгү бутта кагышып,
Агача кандын шаарына
Жетип келди жарышып.
Кандай сонун жер дешип,
Баатырлар айран калышып.
Отуз арал ортосу
Ала телек көл экен,
Түрлүү өсүмдүк шагы мол,
Укмуштай кооз жер экен.
Жапаалы дөөдөн кордукту,
Башына салган зордукту,
Айласы жок чоңдукту
Көрүп жаткан эл экен.
Жоодарбешим ошондо,
Жанаалы дөө өлдү — деп,
А дүйнө жайды көрдү — деп,
Калкка кабар салыптыр.
Жашы менен карысы,
Бала баатыр Жоодарды
Жолунан тосуп алыптыр.
Баатыр Жоодар келгиси,
Жапаалы дөөнү жеңгени,
Куураган элге бак болду.
Чалынган тору тытылып,
Караңгы ордон кутулуп,
Азат келген чак болду.
ЖООДАРБЕШИМ МЕНЕН АКСААМАЙ
Баатыр Жоодар балаңыз,
Жер кыдырып чалган соң,
Эл көңүлүн алган соң.
Жезиликти жолдош алыптыр,
Аксаамайдай сулууну
Атайлап издеп барыптыр.
Кайран сулуу Аксаамай,
Жүргөн кези зарыгып.
Атын угуп сырттандын,
Жүрөгү отко малынын.
Качан келер экен — деп,
Кайгы басып, камыгып.
Чыккан экен жол карап,
Жанына алып кырк кызды,
Желбегей ичик жамынып.
Алдынан чыкты бир караан,
Сүрү башка бир адам.
Бар сымбаты, мүчөсү
Бир башкача жаралган.
Кара тулпар мингени,
Кара торко кийсени.
Кабылан эрдин сүрү бар,
Кара чаар жолборс түрү бар.
Жанында бар бир жигит,
Жээрде буудан ат минип,
Жагалданып бастырса,
Көзүнөн жалын от күйүп.
Карап туруп Аксаамай,
Баатыр Жоодар экенин
Кыялында билди эми.
Кыздарга шегин билгизбей,
Мыйыгынан күлдү эми.
Баатыр жакын келгенде,
Шек албаган жанга окшоп,
Сынап карап турду эми.
Аксаамай ушул экен — деп,
Алдыртадан шек урул,
Жоодарбешим келатып,
Жезиликке кеп уруп:
«Сыр билгизбей буларга,
Жолоочу болуп калалык.
Жөн-жайын сурап тымызын,
Жорго сөзгө салалык.
Айтымындай бар болсо,
Акыл-эстүү жан болсо,
Айттырбай сырды билбейби,
Алдыртан байкап кыздарды,
Абайлап сөздү сүйлөйлү.

