Жоодарбешим
Деп ошентип Жанаалы,
Чыдай албай буралып,
Таноолору кыпчылып,
Кызыл өңү кубарып,
Корумдап кет деп, сөөгүмдү,
Сырттан эрден суранып.
Бала баатыр ошондо,
Жанындагы Жезилик,
Колун шилтеп кеп айтат:
«Кана, баатыр, Жезилик,
Кыя чап башын,— деп айтат.-
Корумдап салып кетели,
Кайнардын Кара-Көлүнө
Карап турбай жетелик».
Деген кезде Жезнлик
Кынынан кылыч суурганы,
Атырылтын барды эле,
Жети аяктуу бууданды.
Түп эсебин табам — деп,
Кылычтап башын алам — деп.
Тоодой болгон Жанаалы
Баатыр Жоодар эр менен
Беттешкенде абалы.
Сүрүн көрүп сүрдөбөй,
Даяр турган жарагы.
Жезилик балбан барганы,
Кайкы кылыч нар кескен,
Кежигенин өзү — деп,
Кайкайып шилтеп калганы.
Шилтегенде күч менен
Артып кетип зардабы.
Кылычтын кыйын салмагы,
Дөөнү жайлайм деп барып,
Куу куландын шилисин
Кошо чаап салганы.
Жанаалы менен бууданы
Жатып калды тырпырап,
Бут шилтебей жан берди,
Өңгөчүн тартып кыркырап.
Чоркоктук кылып Жезилик,
Кылычын канга майлады,
Жанаалыга тулпарын
Кошуп туруп жайлады.
Кайран бала Жезилик,
Балбандыгын жактырып,
Жоодарбешим сырттанын
Карап турду каткырып.
Жапаалы дөөнү союшуп,
Жайын терең оюшуп,
Жашырып сөөгүн коюшуп.
Чыдай албай буралып,
Таноолору кыпчылып,
Кызыл өңү кубарып,
Корумдап кет деп, сөөгүмдү,
Сырттан эрден суранып.
Бала баатыр ошондо,
Жанындагы Жезилик,
Колун шилтеп кеп айтат:
«Кана, баатыр, Жезилик,
Кыя чап башын,— деп айтат.-
Корумдап салып кетели,
Кайнардын Кара-Көлүнө
Карап турбай жетелик».
Деген кезде Жезнлик
Кынынан кылыч суурганы,
Атырылтын барды эле,
Жети аяктуу бууданды.
Түп эсебин табам — деп,
Кылычтап башын алам — деп.
Тоодой болгон Жанаалы
Баатыр Жоодар эр менен
Беттешкенде абалы.
Сүрүн көрүп сүрдөбөй,
Даяр турган жарагы.
Жезилик балбан барганы,
Кайкы кылыч нар кескен,
Кежигенин өзү — деп,
Кайкайып шилтеп калганы.
Шилтегенде күч менен
Артып кетип зардабы.
Кылычтын кыйын салмагы,
Дөөнү жайлайм деп барып,
Куу куландын шилисин
Кошо чаап салганы.
Жанаалы менен бууданы
Жатып калды тырпырап,
Бут шилтебей жан берди,
Өңгөчүн тартып кыркырап.
Чоркоктук кылып Жезилик,
Кылычын канга майлады,
Жанаалыга тулпарын
Кошуп туруп жайлады.
Кайран бала Жезилик,
Балбандыгын жактырып,
Жоодарбешим сырттанын
Карап турду каткырып.
Жапаалы дөөнү союшуп,
Жайын терең оюшуп,
Жашырып сөөгүн коюшуп.

