Үстүндөгү Кылторко
Кабатынан сүзүлүп,
Жанаалынын найзасы
Тогуз жерден үзүлүп.
Бүткөн бою солк этип,
Боконо сөөгү болк этип.
Кабырга сөөгү кайкалап,
Омуртка сөөгү омолуп.
Кылкаранын үч кошкон,
Мине түшүп оңолуп.
Кызыл жүзү кубарын,
Эки көзү тунарын.
Бүткөн бойдун баарысы
Муздай түшүп басылып,
Найза тийген жерлери
Сыздай түшүп басылып,
Аздан кийин баланын
Тунарган көзү ачылып.
Оңолуп минип атына
Ооруган жери жазылып.
Найза тийип, сокмок жеп,
Баатырдын эти ачышып,
Чын ачуусу келгенде,
Алдындагы Кылкара
Аябастан камчы уруп.
Тоодой болгон балбанды,
Калган кези качырап.
Арстандай сур менен,
Айбатын салып бакырып,
Алдындагы Кылкара
Коендой кулак жапырып,
Куландан куйрук көтөрүп,
Куюндай жерди сапырып.
Туура болжоп пайзаны,
Табарсыктын өзү — деп.
Куу куландын үстүнөн
Тоголонор кези — деп.
Тоодой болгон Жанаалы
Чаначтай мурду барбайып,
Кезек берип балага,
Тосуп турат жолунда
Көкүрөгү дагдайып.