Жамбашыңды сыз кылып,
Бүт өмүрүң кор кылам».
Жанаалы турду күрпүлдөп,
Кышкы кирген буурадай,
Көбүк чачын зиркилдеп.
Зың-зың этип кенебей.
Тоодой болгон Жанаалы,
Бучкагына теңебей.
Жанатан айткан сөзүнө
Кашкая тартып күлдү эле,
Катуу кыйык сөз айтып,
Каарланган Жанаалы,
Жинине чындап тийди эле:
«Элим кыпчак эл — деди,
Кебез-Тоо биздин жер — деди.
Элемандын кенжеси,
Атам Төштүк эр — деди.
Эр Төштүктөн туулган,
Баатыр Жоодар мен — деди.
Кайнардын Кара-Көлүнө,
Агача кандын Аксаамай
Издеп кетип баратам.
Алты аяктуу ала атты,
Жети аяктуу жээрде атты
Тиздеп кетип баратам.
Агача кандын Аксаамай
Табайын деп, баратам.
Аялдыкка сулууну
Алайын деп, баратам.
Агача канды өлтүрүп,
Бир жолу тындым кылыпсын,
Алжыган чалды сойдум — деп,
Көтөрүлүп турупсуң.
Көбүк чачып күпүлдөп,
Ачууланын чыгынсың.
Адамдык сапат эмес го,
Сый адамды дайынсыз
Опузалап турушуң.
Күнөөсуз жанды күнөөлөп,
Күнчүлүк жерден ок атып,
Баштап турган урушуң.
Ойлобогун Жанаалы
Баш иет деп жөн эле
Баатыр Жоодар баланы.
Жагдайыңды кылсаңчы,
Кур бекер жаппай жалааны.
Өлбөй кантип берейин,
Анык тулпар кара атты,
Кети аяктуу жээрде,
Алты аяктуу ала атты.