Жол баштаган текедей
Сакалы бар бакжайып,
Обору жандан чоң, экен,
Ач буурадай калжайып.
Баатыр Жоодар ошондо,
Болжоп найза жеткени.
Табарсыктын учу — деп,
Талкалар жерим ушу — деп,
Катуу муштап өткөнү.
Болотко болот тийгенде
Ширенди чыгып шыркырап,
Тогуз кабат сооту
Кат катынын быркырап.
Болот учтуу сыр найза
Болжогон жерге жетиптир,
Ич кийими алты кат,
Токтоо бербей өтүптүр.
Табарсыкты жаралап,
Чаар ичеги аралап,
Ченебей болот тешиптир.
Өзөгүнө бөрү тил
Төш жары кирип кетиптир.
Өзөккө найза тийгенде
Өжөр дөөдөн ал кетип,
Эсин жыйып алалбай,
Ээринен арт кетип.
Баатыр Жоодар найзасын,
Бурап жулуп алганда
Жайылып кызыл кан кетип.
Эки көзү тунарып,
Колу, буту шалдырап,
Сөз айталбай балдырап,
Боюн созуп суналып,
Ээрдин кашын кучактап,
Бучкагынан кызыл кан
Агып турат буурчактап.
Шайы кетин шалдайып,
Куу куланга өбөктөп,
Көк жорудай далдайып.
Бала Жоодар ошондо,
Кылкара оозун бурду эле.
Не болду деп, Жанаалы,
Кылчайып карам турду эле.
Ал-абалын көргөндө,
Жанаалынын жанына,
Бастырып жакын келди эле.
Өңү кеткен кубарып,
Көзү кеткен тунарып.
Ээринен кылтайын,
Үзөңгүдөн бут тайып.