Ачуусун салып арбайып,
Ач буурадай калжайып,
Оозунан көбүк буртулдап,
Опурулуп кеп айтат,
Опузалап Жоодарды
Оңбогур мындай — деп айтат:
«Атыңдын оозун бура тур,
Алчактатпай тим эле,
Алдынкы жайга тура тур.
Кара торко тон кийип,
Кара жорго ат минип,
Жаныңа алып бир жигит,
Алты аяктуу ала атты,
Жети аяктуу жээрде атты
Коштоп кайдан келесиң?
Кебетеңе карасам,
Ажал кыстап башыңды,
Айдап жүргөн немесиң.
Энтеңдеп кайда шашасың,
Чегимден өтүп жеримди,
Кенебей неге басасың?
Кайнардын кара көлүнө
Жаяндын уулу Жанаалы
33 экенин билдиңби?
34 адамдан жеңилбес,
Дөө экенин билдиңби?
Көп ачуумду келтирбей,
Аты-жөнүң айта сал.
Малың менен башыңды,
Кара тулпар атыңды,
Алдына туура тарта сал,
Айтканымды уга сал,
Алдыңкы жайга тура сал.
Чылбыр салып мойнуңа,
Кулдугуңду кыла сал.
Бул айтканды жасаса,
Бир күнөөдөн арылтып,
Ажалыңдаң кечемин.
Бул айтканды кылбасаң,
Кылычсыз башың кесемин.
Жатканын. терең ор кылам,
Татканыңды шор кылам.