Жоодарбешим
Бир жарым миң адамды
Жазыксыз орго салыптыр.
Өлөр-өлбөс жаны менен,
Кебек берип багыптыр.
Агача канды өлтүрүп,
Кызын тартып алыптыр.
Жанаалы дөөгө баш ийип,
Аргасыз эли калыптыр».
Жаш аяр мындай кеп айткан,
Жана мындай деп айткан;
«Агача кызы Аксаамай
Күйүп жүргөн кези экен,
Кыялында өзүңдү
Сүйүп жүргөн кези экен.
Бул жагынан шек алын,
Келериңди Жанаалы
Билип жүргөн кези экен.
Артык сулуу Аксаамай,
Касиеттүү жан ушу,
Угуп койгун сырттаным,
Азамат эрдин жары ушу,
Жанаалынын колунан
Ажыратып ал ушу.
Ат арытып сулууну
Атайы издеп бар ушу.
Бир өзүкдү келет — деп,
Кызыл өңү кер — деген,
Зордуктап алып Жанаалы,
Кайран сулуу бул күндө
Кара жер менен тең» — деген.
Жанаалы дөөнү бет алып,
Жанында балбан Жезилип,
Чындап билек түрүнүп,
Эр Жоодарды карасаң,
Кашкая күлүп сүйүнүп.
Барган сайын шашылып,
Кылкарага камчы уруп.
Жазыксыз орго салыптыр.
Өлөр-өлбөс жаны менен,
Кебек берип багыптыр.
Агача канды өлтүрүп,
Кызын тартып алыптыр.
Жанаалы дөөгө баш ийип,
Аргасыз эли калыптыр».
Жаш аяр мындай кеп айткан,
Жана мындай деп айткан;
«Агача кызы Аксаамай
Күйүп жүргөн кези экен,
Кыялында өзүңдү
Сүйүп жүргөн кези экен.
Бул жагынан шек алын,
Келериңди Жанаалы
Билип жүргөн кези экен.
Артык сулуу Аксаамай,
Касиеттүү жан ушу,
Угуп койгун сырттаным,
Азамат эрдин жары ушу,
Жанаалынын колунан
Ажыратып ал ушу.
Ат арытып сулууну
Атайы издеп бар ушу.
Бир өзүкдү келет — деп,
Кызыл өңү кер — деген,
Зордуктап алып Жанаалы,
Кайран сулуу бул күндө
Кара жер менен тең» — деген.
Жанаалы дөөнү бет алып,
Жанында балбан Жезилип,
Чындап билек түрүнүп,
Эр Жоодарды карасаң,
Кашкая күлүп сүйүнүп.
Барган сайын шашылып,
Кылкарага камчы уруп.

