Келгениң он күн боло элек,
Кучагым толо сүйбөдүм.
Оозум толо өппөдүм,
Кейитин го атаңды,
Келе сала кеткениң.
Кагылайын, каралдын
Кара шаар калаама
Каалашыңча жүрүп кет.
Алты аяктуу ала атка,
Жети аяктуу жээрде атка,
Алтын каптал ээримди
Токуп туруп минип кет.
Элимдин жыйып кыздарын,
Чубатууга салайын,
Сулуусун тандап сүйүп кет.
Төштүк болсо өз атаң,
Мен экемин таятаң.
Биздин элди элден кет,
Биздин жерди жердеп кет.
Кылкара атың токуп кет,
Көзүм өтсө дүйнөдөн,
Бир жолу куран окуп кет.
Өмүр жашым сап болуп,
Тутамчалык калган жок,
Сенин көзүң барында
Өлүп кетсем арман жок.
Көзүм өтсө дүйнөдөн,
Көк ала желек, кызыл туу
Көкөлөтүп ким барат?
Атакелеп буркурап,
Көзүмдү жоктоп ким турат?
Желектүү найза ким аштайт?
Артымда калган туяк жок,
Ордумду ээлеп кан болуп,
Ушул элди ким баштайт?
Ак аркар издеп барам - деп,
Акмалап неге шашасың?
Ата менен энеңдин
Ачып кетпей капасын.