Саламын алик алганы,
Кол берип, колун кармады.
Жоодарбешим ошондо,
Жодуратып кеп сурайт:
«Таятам менин Агай кан,
Эсен барбы — деп сурайт.
Тогуз кыз удаа төрөгөн,
Сыр бешикке бөлөгөн,
Таенем менин Баалыкан,
Жарыктык эсен бар бекен.
Кайрат-күчтөн тайгандыр,
Экөө тең карын калгандыр. —
Жана баатыр кеп сурайт,—
Басып кирген душман жок,
Бейкутпу айлың — деп сурайт.
Чечилип кептен салышып,
Эр Төштүктүн баласы
Эр Жоодар менен таанышып.
Каракчынын кырк атын
Соогат кылып алышып.
Таятасы Агайга
Сүйүнчүлөп барышып.
Эр Төштүктөн туулган
Эрен Жоодар келди — деп,
Жылкычы кабар салыптыр.
Кара теңиз калың эл,
Каны, беги болушуп,
Жолун тосуп калыптыр.
Келсе Жоодар бул жерге,
Таятасы Агай кан
Кадимкидей бар экен.
Кара теңиз элине
Кадимкидей кан экен.
Каруу, күчү боюнда
Калыбеттүү жан экен.