Жоодарбешим
Тоодай кылып томкоруп,
Жердин бетин коңторуп.
Эт-бетинен жыгылып,
Эңшерип турпак сугунуп.
Аздан кийин турду эле,
Анык кудай урду эле,
Оңураңдап, окшоңдоп,
Оромпой тээп соксоңдоп,
Туш-тушка мойнун сунду эле.
Айкыргандан чаңырып,
Чууну катуу баштады.
Ачуусуна чыдабай,
Ар кайсы жерге урунуп,
Өлүп кете жаздады.
Ачуулуу үнү чыкканда
Эки тоо бети жабышып.
Кууган жоосун унутуп,
Кала берди желмогуз,
Жаны менен алышып.
Жоодарбешим сырттаным,
Кылкара оозун бурган жок,
Кылчайып карап турган жок.
Түбүңө сенин жеттим — деп,
Тийишин мага кеттиң — деп,
Окоро түйгөн ак тизгин
Кош колунда карышын,
Ооздук менен алышып,
Учкан кушка жеткизбей,
Шамал менен жарышып,
Күүлөнгөн бойдон күлүгү
Үч күндүк жолго кетиптир.
Жана эки күн жол жүрүп,
Ара көлдүн четине
Байкап көрсө жетиптир.
Жердин бетин коңторуп.
Эт-бетинен жыгылып,
Эңшерип турпак сугунуп.
Аздан кийин турду эле,
Анык кудай урду эле,
Оңураңдап, окшоңдоп,
Оромпой тээп соксоңдоп,
Туш-тушка мойнун сунду эле.
Айкыргандан чаңырып,
Чууну катуу баштады.
Ачуусуна чыдабай,
Ар кайсы жерге урунуп,
Өлүп кете жаздады.
Ачуулуу үнү чыкканда
Эки тоо бети жабышып.
Кууган жоосун унутуп,
Кала берди желмогуз,
Жаны менен алышып.
Жоодарбешим сырттаным,
Кылкара оозун бурган жок,
Кылчайып карап турган жок.
Түбүңө сенин жеттим — деп,
Тийишин мага кеттиң — деп,
Окоро түйгөн ак тизгин
Кош колунда карышын,
Ооздук менен алышып,
Учкан кушка жеткизбей,
Шамал менен жарышып,
Күүлөнгөн бойдон күлүгү
Үч күндүк жолго кетиптир.
Жана эки күн жол жүрүп,
Ара көлдүн четине
Байкап көрсө жетиптир.

