Жоодарбешим
Жаныбарың Кылкара
Араандай оозун ачканы,
Айныбай арыш таштады.
Жеткидей деп ушуга,
Баатырды ала качканы.
Барган сайын жакындап,
Кирип барды баатырга
Бута бою жакындап.
Жоодарбешим ошондо,
Абайласа кылчайып,
Желмогуздун өзү бар,
Кайкы мурун, жез тумшук,
Маңдайда жалгыз көзү бар.
Канаты жок, колу жок,
Адам сындуу аягы,
Жара тарткан жеткенди,
Тумшугунда жарагы.
Чактап көрүп чамасын,
Жетер болсо бул урган,
Соо болбойм деп баалады.
Алтын жаак сыр жебе
Эми колго алды эле.
Атка ойносо баланын
Шамдагайы болжолсуз,
Кылкаранын ээрине
Кыйшая мине калды эле.
Кара жаак жебе тартканга
Тогузунда машыккан.
Тиктеген жерден кан чыккан,
Тийген жерден жан чыккан,
Жебеси желге жаңылбай,
Чымчык учса көзгө аткан.
Чалмага жебе чалды эле,
Желмогуздун өзү — деп,
Маңдайда жалгыз көзү — деп
Тартып келип калды эле.
Алтын жаак сыр жебе
Чоюла түшүп чап этип,
Ак чел менен карага
Жабыша түштү шап этип,
Олурайын чечекей,
Алып түштү балп этип.
Жалгыз көздүү желмогуз
Ала салып кырданып,
Кулап кетип жалп этип.
Жебенин огу тийгенде,
Айкырып үнүн салды эле.
Араандай оозун ачканы,
Айныбай арыш таштады.
Жеткидей деп ушуга,
Баатырды ала качканы.
Барган сайын жакындап,
Кирип барды баатырга
Бута бою жакындап.
Жоодарбешим ошондо,
Абайласа кылчайып,
Желмогуздун өзү бар,
Кайкы мурун, жез тумшук,
Маңдайда жалгыз көзү бар.
Канаты жок, колу жок,
Адам сындуу аягы,
Жара тарткан жеткенди,
Тумшугунда жарагы.
Чактап көрүп чамасын,
Жетер болсо бул урган,
Соо болбойм деп баалады.
Алтын жаак сыр жебе
Эми колго алды эле.
Атка ойносо баланын
Шамдагайы болжолсуз,
Кылкаранын ээрине
Кыйшая мине калды эле.
Кара жаак жебе тартканга
Тогузунда машыккан.
Тиктеген жерден кан чыккан,
Тийген жерден жан чыккан,
Жебеси желге жаңылбай,
Чымчык учса көзгө аткан.
Чалмага жебе чалды эле,
Желмогуздун өзү — деп,
Маңдайда жалгыз көзү — деп
Тартып келип калды эле.
Алтын жаак сыр жебе
Чоюла түшүп чап этип,
Ак чел менен карага
Жабыша түштү шап этип,
Олурайын чечекей,
Алып түштү балп этип.
Жалгыз көздүү желмогуз
Ала салып кырданып,
Кулап кетип жалп этип.
Жебенин огу тийгенде,
Айкырып үнүн салды эле.

