Бейиш* сымал жай экен,
Эки жээги кек токой,
Ортосу өзөн сай экен,
Жаргандын жаңгак токою
Аталып калган ал экен.
Кайтпастын кара дайрасы
Бир бутагы бул экен.
Ак кар, муздак булактан
Куралып аккан суу экен.
Көк ирим болуп көбөөсү
Кай акканы билинбейт,
Караса түбү көрүнбөйт,
Эни жайык кечүү жок,
Өзөн толуп мелмилдейт.
Жоодар буга келди эле,
Туш-туш жагын абайлап,
Көз жиберип көрдү эле,
Эс алдырып атыппы
Ээр токумун алды эле,
Токумдан төшөк салды эле.
Кыбыланы баштанып,
Аккаңкыны жазданып,
Ач болотун салынып,
Кыл торкону жамынып,
Алп уйкуга батты эле,
Күнү, түнү эр Жоодар
Кошулуп уктап жатты эле.
Кайран буудан Кылкара
Сугаты кана суу ичип,
Көк отуна тойду эле.
Талбай оттоп олтуруп,
Таз карды чөпкө толду эле.
Ала салып алты оонап,
Арыганы басылып,
Бел омуртка, кыр арка
Талыганы басылып.
Оюн салып ойноктоп,
Кайра келип табына
Ок жыландай сойлоктоп.
Эрен Жоодар ошондо
Ордунан турса козголуп,
Уктап уйку каныптыр,
Баштагыдан оңолуп,
Ооруган жери жоголуп,
Ордуна келип калыптыр.
Илбээсиндин этинен
Шиш кебек кылып тойду эле,
Токуп минип бууданын
Сапар жолун созду эле.

ЖООДАРБЕШИМ ЖАЛГЫЗ КӨЗДҮҮ ЖЕЛМОГУЗДУ ЖАНА КЫРК КАРАКЧЫНЫ ЖАЙЛАГАНЫ

Андан ары караса,
Түз түгөнүп баатырга,
Адыр, адыр тоо келип,
Булут ойноп бөлүнүп,
Көк тиреген көк залкар
Нечен катар зоо келип.
Ошо жерге келгенде,
Жаныбарың Кылкара,
Жалт этип токтоп турду эле.
Сырттан эрди карата,
Бугудай мойнун бурду эле.
Кылкарага үн бүтүп,
Кадимкидей тил бүтүп,
Жоодар эрге муну айтат,
Адам билбес шумду айтат:
«Айланайын, кырааным,
Акылың бар, эсиң жок,
Эчтеме менен ишиң жок.
Мен көргөндү көрдүңбү,
Мен туйганды түйдүңбү.
Аманат жанга шек келет,
Мындан ары баатырым,
Алдыңдан чыгып аңдыган,
Ар душманың бет келет.
Бара турган жерибиз
Улабастан Улуу-Тоо,
Жору консо токтогус,
Айланасы аска-зоо.
Бөксө жолун чалабыз,
Артуудан артуу бел ашып,
Ара-Көл жолун табабыз.
Бир башыңа чак болгуй,
Бараткан жолго сак болгун».
Муну угуп эр Жоодар,
Бөксөгө салып кадуулап,
Алдындагы Кылкара
Жоргосун жазбай жаныбар,
Жол жүрүшү катуулап.