Жоодарбешим
Үйүр тартып бөлүнүп,
Жоодарбешим балага
Бир айбанат болгондон,
Ушул кызык көрүнүп.
Шаа болгон мүйүздөрү,
Таргыл ала жүндөрү,
Туралы* деп аталган
Жапайы уйдун жүргөнү.
Ийри могон, жалгыз көз,
Жалпак таман, айры өркөч,
Чуудалары чубалган,
Калжаң уруп каркайган,
Шыйрагы узун тартайган,
Жапайыдан төө жүрөт.
Чоңдугу тоонун теңиндей,
Бул дүйнөдө болгонду
Баса калып жегидей.
Узун тумшук пил көрдү,
Айбандан зор зил көрдү.
Жалгыз өркөч нар көрдү,
Адам атын билбеген
Жана түркүн жан көрдү.
Канаты жок учпаган,
Чоңдугу төөдөй куш көрдү.
Карышкыр, чөөгө окшобос,
Жапайы жүргөн ит көрдү.
Бул дүйнөдө болгонду
Бала баатыр бүт көрдү.
Бастыра берип сап болду,
Убактын жазы талаасы
Жоодарбешим баатырга
Жазбай алты ай жүрсө да,
Жакын өңдүү арасы.
Андан ары жол жүрдү,
Ат аябай мол жүрдү.
Токой, бадал жок болуп,
Мелтиреген жер келди.
Аптап урган капалуу,
Мээ кайнаткан чөл келди.
Талаасынын баарысы,
Үйүлгөн кызыл кум экен.
Беке саяр куурай жок,
Кайтпастын чөлү бул экен.
Каак этип учкан карга жок,
Кук этип учкан кузгун жок,
Айланып учкан жору жок,
Бастырып өтөр жолу жок.
Жоодарбешим балага
Бир айбанат болгондон,
Ушул кызык көрүнүп.
Шаа болгон мүйүздөрү,
Таргыл ала жүндөрү,
Туралы* деп аталган
Жапайы уйдун жүргөнү.
Ийри могон, жалгыз көз,
Жалпак таман, айры өркөч,
Чуудалары чубалган,
Калжаң уруп каркайган,
Шыйрагы узун тартайган,
Жапайыдан төө жүрөт.
Чоңдугу тоонун теңиндей,
Бул дүйнөдө болгонду
Баса калып жегидей.
Узун тумшук пил көрдү,
Айбандан зор зил көрдү.
Жалгыз өркөч нар көрдү,
Адам атын билбеген
Жана түркүн жан көрдү.
Канаты жок учпаган,
Чоңдугу төөдөй куш көрдү.
Карышкыр, чөөгө окшобос,
Жапайы жүргөн ит көрдү.
Бул дүйнөдө болгонду
Бала баатыр бүт көрдү.
Бастыра берип сап болду,
Убактын жазы талаасы
Жоодарбешим баатырга
Жазбай алты ай жүрсө да,
Жакын өңдүү арасы.
Андан ары жол жүрдү,
Ат аябай мол жүрдү.
Токой, бадал жок болуп,
Мелтиреген жер келди.
Аптап урган капалуу,
Мээ кайнаткан чөл келди.
Талаасынын баарысы,
Үйүлгөн кызыл кум экен.
Беке саяр куурай жок,
Кайтпастын чөлү бул экен.
Каак этип учкан карга жок,
Кук этип учкан кузгун жок,
Айланып учкан жору жок,
Бастырып өтөр жолу жок.

