Бири оттосо, миңи жуушап,
Чалып коюп чөбүнөн,
Бай айланат тим эле
Айбанаттын көбүнөн.
Санат жетип ошону,
Болжогустай болуптур.
Дүнүйөнүн жүзүнө
Жыбырап жалдар толуптур.
Бугусу жүрөт будурда,
Куланы оонап кумуңда,
Эчки-теке зоосунда,
Эчен жап жүрөт тоосунда.
Кызыктырып баланы,
Көп тийип көздүн жоосуна.
Аркар, кулжа адырда,
Аралашып шагылга.
Бөкөнү оттоп бөксөдө,
Жейрени жуушап дөңсөөдө.
Тумшукта мүйүзүн аркайтып,
Өзүнчө жүрөт кериги*,
Жылт этип оттоп элиги.
Аралап түрлүү жандарды
Ачылды баатыр көңүлү.
Ээн жаткан жер экен,
Келбеген адам өмүрү.
Эзилип бышып шагында
Жапайы алма, өрүгү.
Бастырганда жылчык жок,
Бадал өсүп чер болгон,
Түрдүү жемиш күбүлүп,
Түбү чирип көн болгон.
Ар айбанат мекендеп,
Бул жердей кайдан жер болгон.
Түлкүсү түштө ойногон,
Карышкыр, жолборс, арстаны
Күчүктөй шимшип жойлогон.
Балатыдай жыланы
Бастырбай жолду толгогон.