Жоодарбешим
Эми, балам, айтарым
Таятаң тилин ала көр,
Алтын баштуу Ак аркар
Дайнын угуп бара көр.
Бара турган жолуңдан
Эчен дайра суу келет,
Эчен кабат тоо келет,
Чытырман токой чер келет,
Адыр-адыр бел келет,
Адам уулу баспаган
Көзгө чоочун жер келет.
Кук этип учкан кузгун жок,
Как этип учкан карга жок
Какшып жаткан чөл келет.
Балам Жоодар башыңа
Ар бир түркүн иш келет.
Уч-кыйрына көз жетпес
Мелтиреген түз келет.
Бара турган жолуңдан
Каргашалуу жан чыкса
Бир башыңа күч келет.
Жана, балам, айтарым,
Бара турган жолуңда
Улабастын тоосу бар,
Ошо тоого барганда
Жарагың колдон түшпөсүн,
Эки жагың аярлап,
Өзүң аттан түшпөгүн.
Азуулуу жырткыч ажыдаар,
Жана кызык жан чыгар.
Таятаң тилин ала көр,
Алтын баштуу Ак аркар
Дайнын угуп бара көр.
Бара турган жолуңдан
Эчен дайра суу келет,
Эчен кабат тоо келет,
Чытырман токой чер келет,
Адыр-адыр бел келет,
Адам уулу баспаган
Көзгө чоочун жер келет.
Кук этип учкан кузгун жок,
Как этип учкан карга жок
Какшып жаткан чөл келет.
Балам Жоодар башыңа
Ар бир түркүн иш келет.
Уч-кыйрына көз жетпес
Мелтиреген түз келет.
Бара турган жолуңдан
Каргашалуу жан чыкса
Бир башыңа күч келет.
Жана, балам, айтарым,
Бара турган жолуңда
Улабастын тоосу бар,
Ошо тоого барганда
Жарагың колдон түшпөсүн,
Эки жагың аярлап,
Өзүң аттан түшпөгүн.
Азуулуу жырткыч ажыдаар,
Жана кызык жан чыгар.

