Жалгыз көздүү желмогуз,
Жез тумшук мите деген бар,
Башка жанга тийбестен,
Жалаң киши жеген бар.
Жолоочу жүргөн адамдын
Жолун тосуп издеген.
Жыты менен адамды,
Үч күндүк жолдон искеген.
Аны билген адамдар
Абайлашып сак болуп,
Өтүп жүргөн күч менен.
Бара турган жолуңда
Кийиги арбын ташынан.
Аңга шыктуу жан элең,
Үйрөнүп, балам, жашыңдан.
Кызыгып кийик атпагын,
Басар жолдон кечикпей,
Алаксыбай бат баргын.
Жана бердим өзүңө
Кол башындай ак баштык,
Энекең байпак жасаган
Эрге ылайык күл азык.
Катуулап кардын, ачканда,
Көңүлүң кайгы басканда,
Бир чымчышып ал, балам,
Таңдайыңа сал, балам.
Ооруган жерин басылат,
Умачтай көзүң ачылат,
Саргарган санааң жазылат.