Жоодарбешим
Андан ары өткөндө
Жердин өңү кубулуп,
Бир башкача жер көрдү,
Туташ тулан, бетеге,
Бадалы өскөн суюлуп.
Бала баатыр ошондо
Башка, башка жан көрдү.
Жанагыдан укмуштуу,
Жана кызык аң көрдү.
Кайың, талы аралаш,
Карагай, арча салаалаш,
Бул өңдөнгөн жер калып,
Кызык жайга туш болду,
Бала баатыр келатып.
Жер укмушу бул экен,
Чеп тукуму аз өскен,
Жеринин бети кум экен.
Сөк сөөлү өскөн буралып,
Шилбиси өскөн кубарып,
Чырмоогу өскөн чырмалып,
Кургап жаткан талаа экен,
Түрлүү жап мында бар экен,
Кыш билбеген жай экен.
Бала баатыр караса
Жанагыдан эн, кызык,
Жана сонун тамаша.
Арткы буттан колу узун,
Андан ашык мойну узун,
Темгил чаар тик мүйүз
Акыра* деген мал экен.
Жебенин огу жетпеген,
Абыдан күлүк жан экен.
Бадалдан чыгып оттошуп,
Укуруктай моюнун,
Созуп коюп жаныбар,
Карап турат топтошуп.
Түзүндө жүрөт жарышып,
Айгырлары алышын,
Жоодарбешим сапар чалып укмуштуу
жерлерди жана белгисиз айбандарды көргөнү
Кулун, тайы аралаш,
Жапайы өскөн кур жылкы,
Кулан өөк, боз темгил,
Сопол куйрук, кыска жал,
Жалаң баары сур жылкы.
Жердин өңү кубулуп,
Бир башкача жер көрдү,
Туташ тулан, бетеге,
Бадалы өскөн суюлуп.
Бала баатыр ошондо
Башка, башка жан көрдү.
Жанагыдан укмуштуу,
Жана кызык аң көрдү.
Кайың, талы аралаш,
Карагай, арча салаалаш,
Бул өңдөнгөн жер калып,
Кызык жайга туш болду,
Бала баатыр келатып.
Жер укмушу бул экен,
Чеп тукуму аз өскен,
Жеринин бети кум экен.
Сөк сөөлү өскөн буралып,
Шилбиси өскөн кубарып,
Чырмоогу өскөн чырмалып,
Кургап жаткан талаа экен,
Түрлүү жап мында бар экен,
Кыш билбеген жай экен.
Бала баатыр караса
Жанагыдан эн, кызык,
Жана сонун тамаша.
Арткы буттан колу узун,
Андан ашык мойну узун,
Темгил чаар тик мүйүз
Акыра* деген мал экен.
Жебенин огу жетпеген,
Абыдан күлүк жан экен.
Бадалдан чыгып оттошуп,
Укуруктай моюнун,
Созуп коюп жаныбар,
Карап турат топтошуп.
Түзүндө жүрөт жарышып,
Айгырлары алышын,
Жоодарбешим сапар чалып укмуштуу
жерлерди жана белгисиз айбандарды көргөнү
Кулун, тайы аралаш,
Жапайы өскөн кур жылкы,
Кулан өөк, боз темгил,
Сопол куйрук, кыска жал,
Жалаң баары сур жылкы.

