Көңүлүңдү калтырып,
Элден айып кеттиби?
Кебез-Тоодой көрүнбөй,
Жерден айып кеттиби?
Кыялыңды чөгөрүп,
Менден айып кеттиби?
Кетемин деп шаштырып,
Бул эмине дегенин,?
Ойлоп көрчү ар жагын,
Садагасы береним.
Деп ошентип Агай кан,
Каңырыгын түтөтүп.
Катып жүргөн ичтеги,
Кайгысын алды күчөтүп.
Туяк жок деп артымда,
Арманын айтып муңканып,
Бала Жоодар ошондо,
Өңү кетип кумсарып.
Таятасы Агайга
Кайрат айтып сөз салып.
Сырын тартып тымызын,
Сынап келген көз салып:
«Айланайын, жан ата,
Жанагы айткан сөзүңө
Болуп кеттим мен капа.
Болор-болбос ой менен,
Жарабас тарткан көп жапа.
Кара теңиз элиң бар,
Ара-Көлдөй жериң бар.
Опурулсаң атаке,
Опол тоодой демин бар.
Казына толгон алтын бар,
Кадимкидей кайратың,
Калың журтка баркың бар.
Өрүш толгон малың бар,
Өргө чапсаң алың бар,
Менин мындай дегим бар,
Айтып көрчү, атаке,
Эминеден кемиң бар?
Ыза кылып кордогон,
Кай душманда кегиң бар?
Балам жок деп кейийсиз,
Мен да бала боломун,
Кызматыңда жүргөн соң
Эл да бала болбойбу?
Эл болгон соң эрен бар,
Сизден ашкан берен бар
Ордуңузга койбойбу?
Ажал жетип, күн бүтсө,
Кайда калбайт алтын баш,
Баштан тайса таалай-бак
Кимге калбайт алтын так.