Буйдалбай жолду чаламын.
Мурун ага барамын,
Дайнын билип барбасам,
Ат арытып, тон жыртып,
Убара болуп каламын*.
Угуп турган Кенжеке,
Санаасы санга бөлүнүп,
Көзүнүн жашы төгүлүп:
«Айланайын, каралдым,
Айланы кандай табайын.
Алыскы жолго чыкканга
Келе элек эле баралың.
Аскар тоодой көрүнгөн,
Айылда жүрсө карааның.
Күнчүлүк жерге жол жүрсөң,
Үч убак жолуң караймын.
Аз кечиксең айыңдап,
Не болду деп самаймын.
Айлап-жылдап жол жүрсөң,
Арылбаган бул башым,
Түбүндө калар санаанын.
Туулгандан бери жакка,
Көзүмдү жыртып жол карап,
Ушундай беле таалайым,
Кагылайын, чырагым,
Жүрөгү муз, боору таш,
Атаңа жетсин убалым.
Алыскы жолго боло элек,
Аттана турган убагын.
Айланайын, жан балам,
Энеңдин тилин ал, балам.
Токтой туруп быйылча,
Келеркиде бар, балам.
Сарамжал күтүп жолго чык,
Шыбаа болсо алладан».
Жоодарбешим ошондо,
Мыйыгынан күлдү эле,
Энекеси Кенжеке,
Мурун оюн билди эле.