Таятам менин алыскы,
Кара-Көлдү жердеген,
Агай кан экен деп уктум.
Тогуз кыздын кенжеси,
Берекем, эле, сени уктум.
Анын ары жагында,
Нечен дайра, нечен көл,
Кыңыры жок толгон жер.
Кыркалап мындан өткөндө,
Токсон тоонун урунуш,
Токсон дайра куюлуш.
Куюлуштан өткөндө
Алтын булак бар — деди.
Как ошондон суу ичкен,
Алтын баштуу Ак аркар,
Чын кайберен ал — деди.
Көчүгү күмүш, башы алтын,
Бир башкача жан — деди.
Убагында мен дагы
Булактын жолун чалгам — дейт.
Алтын баштуу Ак аркар,
Атайлап издеп баргам — дейт.
Жерине жетип ата албай,
Кубалап кармап алам — деп,
Чайинги тонум тозгон — дейт.
Ай ааламды буй кылган,
Ак марал айдап уй кылган,
Атам Төштүк кыраандан
Ошол аман калган — дейт.
Же болбосо атакем,
Кол созгонду алгам — дейт.
Ата албаган ошону,
Атам Төштүк кыраанда,
Ушул арман калган — дейт.
Ак аркардын кызыгы
Угуп тур, балам, мында — дейт.
Кабарыңда бар чыгар,
Чоюн кулак алп деген,
Атам Төштүк кармашкан,
Чочубай ошол алп менен.
Бир кездерде Чоюп алп
Жердин жүзүн чалыптыр.
Дөө, перинин шаарына
Сыйкырын издеп барыптыр.