Жоодарбешим
Алты күнү көрбөсө,
Калыптыр эне сагынып.
Көрөр болсоң баланы,
Түптүү чыгар теректей
Келатканда карааны.
Бойго жетип болукшуп,
Келе элек азыр баралы.
Минген аты Кылкара,
Кийген тону Кылторко.
Кылычы кында кыңгырап,
Кыраан эрдей зыңгырап.
Саадагы жанда жаркылдап,
Артынып аркар, кулжаны,
Айбаттуу эрдей шартылдап.
Атын байлап мамыга,
Ордосуна кирди эле,
Сүрүп салып сумсайып,
Жоодарбешим баладыз,
Каны качып кумсарып.
Кайра жаар булуттай,
Каар бетине айланын.
Бул кыялын баланын,
Көргөндүн баары таңданып.
Энеси менен көрүшүп,
Кайран Жоодар турду эле,
Сынамакка Кенжеке,
Сабадагы кымыздан
Сыр аякка куйду эле,
Баатыр Жоодар ошондо
Аягын кармап имерип,
Удаасы менен жыйырманы,
Катар тартып жиберип,
Кенжекеге муну айтат,
Аябаган укмуштуу
Адам билбес шумду айтат,
Жоодарбешим уулу айтат:
«Угуп турчу, энеке,
Улуу-тоодой береке,
Кулан кууп, кулжа атып,
Улуу тоодо жүргөндө,
Атам Төштүк кыраандан
Абдан укмуш кеп уктум.
Калыптыр эне сагынып.
Көрөр болсоң баланы,
Түптүү чыгар теректей
Келатканда карааны.
Бойго жетип болукшуп,
Келе элек азыр баралы.
Минген аты Кылкара,
Кийген тону Кылторко.
Кылычы кында кыңгырап,
Кыраан эрдей зыңгырап.
Саадагы жанда жаркылдап,
Артынып аркар, кулжаны,
Айбаттуу эрдей шартылдап.
Атын байлап мамыга,
Ордосуна кирди эле,
Сүрүп салып сумсайып,
Жоодарбешим баладыз,
Каны качып кумсарып.
Кайра жаар булуттай,
Каар бетине айланын.
Бул кыялын баланын,
Көргөндүн баары таңданып.
Энеси менен көрүшүп,
Кайран Жоодар турду эле,
Сынамакка Кенжеке,
Сабадагы кымыздан
Сыр аякка куйду эле,
Баатыр Жоодар ошондо
Аягын кармап имерип,
Удаасы менен жыйырманы,
Катар тартып жиберип,
Кенжекеге муну айтат,
Аябаган укмуштуу
Адам билбес шумду айтат,
Жоодарбешим уулу айтат:
«Угуп турчу, энеке,
Улуу-тоодой береке,
Кулан кууп, кулжа атып,
Улуу тоодо жүргөндө,
Атам Төштүк кыраандан
Абдан укмуш кеп уктум.

