Жоодарбешим
Ким атса ушул аркарды,
Көк теңири Нурхандын,
Айтылган кызын алат — деп.
Андесин чыгып аркарды,
Атып дароо келиңер,
Анын алтын мүйүзүн
Алып мага бериңер.
Кудай айткан аркардын,
Мүйүзүн олжо алайын.
Күйөө болуп Нурханга
Тамашага канайын.
Элдин түшүнүгү боюнча эл камын жеген баатырдын ой-тилегинин иш жүзүнө ашышына тилектештигин билдирет. Бирок ошол тилектештик бара-бара диалектикалык өсүп өнүгүүнүн натыйжасында улам кийинки муунга таандык экендигин сезишет. Мына ушунун натыйжасында келип, стихиялуу түрдө өзүнөн өзү кийинки баатырга таандыкташтырылат. Мисал көрсөткөндөй өзүнүн жашы улгайып калгандыгына карабастан, көздөгөн максатын иш жүзүнө ашырууга аракеттенип элге кайрылып жатат. Эгерде О. Урмамбетовдун вариантында Төштүк түздөн түз эле баласы Жоодарбешимге айтса, Абдыкерим Асандын айтуусунда тикеден тике баласына таандыкташтырылбайт. Алды менен элге кайрылат. Элден сөз чыкпаган соң, эл арасында олтурган Жоодарбешим атасы Төштүккө таазим кылып, уруксат сурайт. Мына ушундан баштап чыгарманын сюжети түйүндөлүшүп, окуя курчуй берет. Акыры Жоодарбешим кара күчтөрдү жеңип, Нурхандын кызы Нооперини алат. Дастанда айтылгандай Ак аркарды ким атса, ошол менин кызымды алат — деп, Нурхан бүтүм чыгарган.
Мына ушул идея эки вариантта бирдей эле эскерилип, жыйынтык чыгарылат. Негизинен «Жоодарбешимдин» сюжетинин өрчүтүлүшүнүн башкы мотиви алтын мүйүздүү Ак аркарды эңсеген Төштүктүн кыялындагы максат-тилеги себеп болот. Ушул атасынын максат-тилегин иш жүзүнө ашырууга Жоодарбешим белсенип киришет. Өзүнүн баатырдык жүрүшүнө жөнөрдө ата-энеси, эл-журтунан бата алып аттанып чыгат.
Кайсы гана оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүнө кайрылбайлы, бул элдин ой-максатынын рухий дүйнөсүнүн байлыгын толук ажарын чечип берген көркөм элес-терден экенин эстен чыгарбоого керек.
Кеңеш Кырбашев.
ЖООДАРБЕШИМ
(Орузбай Урмамбетовтун айтуусунда)
ЭР ТӨШТҮКТҮН ЖООДАРБЕШИМ АТТУУ УУЛДУУ БОЛУШУ
Тогуз уулдун кенжеси,
Элемандын эркеси,
Сырттан туулган эр Төштүк,
Кебез-Тоо деген жерде экен,
Калың кыпчак элде экен.
Тогуз кыздын кенжеси,
Агай кап кызы Кенжеке,
Асталап алып жар кылган.
Болот өгөө дартынан,
Жети жыл катар эр Төштүк,
Жердин алдын жай кылган.
Желмогуз менен кармашып,
Ажыдаар менен арбашып,
Нар кескенин* кан кылган.
Кабаттап союп дөөлөрдү,
Атагын журтка даң кылган.
Эл сырттаны эр Төштүк
Ааламдын жүзүн кыдырып,
Алдындагы Чалкуйрук,
Арыйын деп калыптыр.
Эр ортондон эңкейил,
Карыйын деп калыптыр.
Карылыктын белгиси,
Сакалын буурул чалыптыр.
Үстүндөгү Чайинги*,
Тозоюн* деп калыптыр,
Баштагыдан кайраты,
Бошоюн деп калыптыр.
Душманын түгөл жоюптур,
Урушарга жоо калбай,
Урунарга тоо калбай,
Кебез-Тоонун кең жайлоо,
Калың кыпчак эл менен
Кериле тартып конуптур.
Кайран Төштүк сырттаның
Чалкуйрук минип жер чалып,
Четине душман тийгизбей,
Асыраган эл багып.
Кеп жүрүп душман жеринде
Чалкуйрук экөө чаалыган.
Салышып жүрүп жоо менен
Агарып сакал карыган.
Эңкейип жашы баратса
Эчен ой ойлоп наалыган.
Ажалга башы кетсе да
Эл кишиси эренге
Намыс күчтүү баарыдан.

