«Көкөтөйдүн ашында» кыргыздарды элге таанытуу, анын атакдаңкын көтөрүү максаты алдыга коюлса, Нескаранын Манаска каршы келиши, он бир дуудунун көп кол менен кыргыздарды чапмак болушу баскынчыларга каршы күрөштүн түрдүү этаптарын баяндайт жана «Чоң чабуулдун» себептерин даярдайт. Жалпы эле варианттагы ар бир чоң жана кичине окуянын ушул сыяктуу өзүнчө аткарган милдети, башкы идеянын баяндалышында алган орду бар. Баатырлык салтты даңазалап, патриоттуулуктун эң сонун үлгүлөрүн берүү эпостун бардык окуялары үчүн бирдей таандык, эң алгачкы окуялардан тартып акыркы кортундуга чейин дайым көз алдыга тутулган негизги нук. Бул идеяны 9 жашар Манастын:

«Коркуп жүрүп бирөөдөн
Мен короого малды жыйбадым,
Жалынып жүрүп бирөөгө
Мен жайытка малды жыйбадым», —

кор болуп жан баккандан көрө эркиндик үчүн күрөшүп өлгөн артык:

«Арбытып айыл жыяйын,
Аманат жанга бир өлүм
Намыс үчүн кыяйын»,—

деп бел байлаганынан, же ошол эле Манастын он бир жашында Эсенкандан корккон атасы Жакыпка:

«Коркуп жүрүп кор болуп
Корлукка көнгөн экенсиң»,—

деп нааразы болушунан, кийин баралына толгон баатырдын толуп жаткан эл пайдасы үчүн иштелген иштеринен даана көрүүгө болот.

Эл таламын коргоп күрөшкөн баатырдын иши туура экендигин белгилөөдө Сагымбай атайын ык катары душмандардын өкүлдөрүнүн моюнга алууларын кеңири пайдаланып, ошол аркылуу оң каармандын элесин дагы тереңдетип, шаңдуу кылып берүүгө жетишет. Мисалы, Манас менен беттешкен баатырлардын белгилүүлөрүнүн бири Нескара биринчи эле жолугушууда баатырдын сүрүнө бет бага албай:

«Кабылан жолго жатарбы ай,
Катыларга катылбай
Кадемим минтип катарбы ай.
Жолборс жолго жатарбы ай,
Жолугарга жолукпай
Жолум мындай катарбы ай»,—

деп эсепсиз көп колун таштап качып жөнөйт. Өз ишинин тууралыгына ишенген, ата мекенин ээлеп алган душмандан бошотууга бел байлап аттанган элдин шаңы, сүрү кытайдын Сары аяр аттуу аярынын Акунбешим ханга айтып турган сөздөрү аркылуу эң элестүү берилген:

«Эбин—чагын журт күтүп
Эл көрө элек экенбиз,
Эрегишип урушуп
Эр көрө элек экенбиз, »
Ала мөңгү бел ашып ,
Тоо көрө элек экенбиз,
Айгайлашып урушуп
Жоо көрө элек экенбиз,
Ат арытып сапардан
Жол көрө элек экенбиз,
Арбын черүү, улуу топ
Кол көрө элек экенбиз,
Ар тараптан арбыган
Эл көрө элек экенбиз,
Агып-ташып каптаган
Сел көрө элек экенбиз.
Айтканынан кайтпаган,
Ажалдан башын тартпаган
Эр көрө элек экенбиз,
Өпкө чайкап, кан ичип,
Өт көрө элек экенбиз.
Өзөн күйүп туташкан
Өрт көрө элек экенбиз,
Башыбыздан ар ишти
Өткөрө элек экенбиз,
Ат көтөрбөй пил минген
Жөө көрө элек экенбиз,
Көпкөк темир кийинген
Дөө көрө элек экенбиз,
Мунарадай зуңкуйган
Бой көрө элек экенбиз,
Бузукчулук урушкан
Той көрө элек экенбиз.
Сакал менен мурутту
Тереби деп ойлоймун,
Сазайыңды колуңа
Береби деп ойлоймун.
Алеңгир жаа, сыр жебе
Кереби деп ойлоймун,
Аркабыздан аз күндө
Келеби деп ойлоймун».