Варианттар арасындагы байланыш — улам кийинки муундун манасчылары өзүнүн мурдагылардан жеке эле эпостун сюжеттик линиясын гана кабыл алып сактабастан, көркөм табылгаларды да кабыл алып, өздөштүрүп, улантып, байытып сактоо — «Манас» эпосунун укумдан тукумга өтүп жашоосундагы жана ар дайым элдин эң сүйүктүү чыгармасы болуп кала берүүсүндөгү негизги сыр мына ушунда. Ошон үчүн «Манас» таланттуу жомокчу айткан күнү эл сүйгөн, мыкты кооз чыгарма болуп, начар жомокчу айткан күнү элге жакпаган керексиз чыгарма болуп калган эмес. Анын эл арасындагы кадыр-баркы дайым бир калыпта жогору болгон. Анткени, «Манасты» таланты начар айтуучу аткарган күндө да элдин эсинде анын мурдатадан кеңирги белгилүү болгон артык үлгүлөрүнүн элеси, таасири сакталган, ал гана турмак эл өзү ар бир манасчыга ошол артык үлгүлөрдүн негизинде таалим-тарбия берип, анын өсүшү, мыкты табылгаларды өздөштүрүшү үчүн шарт түзгөн. Албетте, жогоруда эскертилгендей, адатта андай орток табылганы ар бир манасчы өз табылгасы катары кабыл алып, өз вариантында эч өзгөртүүсүз эле кеңири пайдалана берүүгө укуктуу болгон жана мунун эрен-төрөнү болгон эмес.

Ушул салтка ылайык Сагымбайдын вариантындагы далай көркөм саптар, таамай сүрөттөөлөр, таасирдүү элестер ага чейинки толгон эл таланттарынын, эң көп манасчылардын орток ийгилиги, жалпы табылга экендиги шексиз. Сагымбайдын эмгеги ошол артык табылгаларды терең өздөштүрүп, өз вариантында орду менен туура пайдалана билгендигинде. Сөзсүз, жомокчунун өз талантын, чыгармачылык шыгын такыр эле жокко чыгарууга болбойт. Сагымбай зор талантка ээ адам болгондугунда шек жок. Бирок, анын вариантындагы ийгиликтерди бул нукура өзүнүкү, муну мурдакылардын тажрыйбасынан алып, пайдаланган элес деп бөлүүгө мүмкүн эмес. Анткени, анын зор таланты узак тажрыйбанын натыйжасында гана такшалган, мурдатадан иштелип чыккандарды өздөштүрүү аркылуу байыган, элдик сындан өтүү аркылуу курчуган. Натыйжада мына ушулардын кошундусунан гана Сагымбайдын варианты келип чыккан. Чынында эле Сагымбайдын вариантында кенен жолуккан:

«Алтын менен күмүштүн
Ширөөсүнөн бүткөндөй,
Асман менен жериңдин
Тирөөсүнөн бүткөндөй,
Айың менен күнүңдүн
Бир өзүнөн бүткөндөй,
Алды калың кара жер
Жерлигинен түткөндөй.
Ай алдында дайранын
Толкунунан бүткөндөй,
Абадагы булуттун
Салкынан бүткөндөй.
Асмандагы ай, күндүн
Жаркынынан бүткөндөй...» (Манастын сымбатына карата айтылган саптар) — деп салыштыруунун эң элестүү үлгүлөрүн берген, же:
«Маңдайы жазы, башы кууш,
Бар боюнда турат тууш!
Кочкор тумшук, кош кирпик,
Көркү калча, көзү тик!
Жалаяк ооз, жар кабак,
Жаагы жазы, ээги узун,
Эрди калың көзү үңкүр,
Эр мүнөзү көрүнөт! ...
...Кең көкүрөк, жайык төш,
Аркасы кең бели түз,
Айбаты катуу, заар жүз
Пил мүчөсү көрүнөт!
Жолборс моюн, жоон билек,
Бөрү кулак, жолборс төш
Бөлөкчө түрү бар экен»
(Жакыптын жаңыдан төрөлгөн Манасты көргөндөгү сынаганы) — деген сыяктуу таамай портрет түзгөн ыр саптарын Сагымбайга гана жеке таандык саптар дешке да, ошондой эле бул саптарды Сагымбай бүт бойдон башкалардан үйрөнүп алган дешке да болбойт.