Сагымбай Орозбак уулунун вариантына таандык болгон терс көрүнүштөр канчалык орчундуу болсо да, жомоктун артык касиеттерин жокко чыгара албайт жана анын элдик идеясын буруп жиберерлик күчкө ээ эмес. Ошон үчүн аларды жомоктун элдик духуна карама-каршы келген элемент мүнөзүндөгү мүчүлүштөр катарында баалоо туура.

Сөздүн чын-чынына келгенде Сагымбайдын жомокко киргизген кошумчалары жомокко сиңип, анын окуялары менен алынышып кеткен эмес, тескерисинче чыгарманын идеялык багытын белгилей турган негизги окуялардан бөлүнүп, сюжеттик линиядан тышкары турат.

«Манасты» изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде Сагымбай жана анын варианты жөнүндө сөз болгондо адат катары ал варианттын мыкты касиеттери — терең элдик идеясы, көркөмдүгү, окуяларынын байлыгы жана башкалар жогору баалануу менен кемчиликтери да эске алынат, ошону менен бирге ар бир окумуштуу мындай кемчиликтерди кетирүүнүн себептерин ачуу далалатын да көрүшөт. Бирок, басымдуу көпчүлүк учурда негизги күнөө Сагымбайдын өзүндө эмес деген ой берилет. Мисалы, «Манастын» көрүнүктүү изилдөөчүлөрүнөн болушкан Мухтар Ауэзов, Калим Рахматуллин Сагымбайга жомокту жаздыруу учурларында улутчулардын таасири тийгендиги жөнүндө эскеришет. Ыбырайым Абдырахманов өз эскерүүлөрүндө айрым адам аттарын да атайт. Бирок, изилдөөчүлөр болсун, башка жөн адамдар болсун эч жерде конкреттүү факты келтиришпейт. Ошон үчүн айрым изилдөөлөрдөгү Сагымбайга четтен тийген таасир жөнүндөгү пикирлерди аныкталган факты катарында эмес, жоромол, бүшүркөө катарында баалоо жөн.

Колдо болгон маалыматтарга караганда Сагымбайды момундай айт деп тапшырма берген факты жок. Демек, кандайдыр өтмө катар, кыйыр маанидеги таасир болбосо, тикеден тике таасир жөнүндө сөз да болууга мүмкүн эмес. Ал эми Сагымбайдын вариантындагы терс көрүнүштөрдүн орун алышына себепчи болгон түрткү жөнүндө сүйлөө зарыл десек, биздин оюбузча, эң алды менен жомокчунун керт башындагы караңгычылыкты, ошол шарттагы жалпы деңгээлди эске алуу оң болор эле да, андан кийин гана жыйырманчы жылдардагы тарыхый шарт, кандайдыр кыйыр маанидеги таасирлер, жомокчунун айрым уккандарын чын-төгүнүнө жетпей туруп пайдалануу далалатын көрсөтүүгө өтүү алда канча туурараак болмокчу.

Бул иште өз элин чексиз берилип сүйгөн, анын басып өткөн тарыхый жолу, табылгалары, ийгиликтери менен чын пейилден сыймыктанган манасчынын жалпы деңгээлинин төмөндүгүнө, көз карашынын чектелгендигине байланыштуу фактыларды туура баалай албай, ыйык патриоттук сезимди куру намыс, жалган патриотизмге айлантып алуусу, натыйжада жомоктун традициялык материалдары баяндагандарга ыраазы болуп алымсынбай, Манас баарын жеңди, баарынан жогору турат, баарынан кыйын деп көрсөтүүгө аракеттенүү далалатынын болушу да толук ыктымал. Кептин чын-чынына келгенде өтө баамчыл, логикасы күчтүү адамдардан болгон Сагымбайдын Манасты баарын жеңген, жадаса исламды үгүттөөдөн да куру калбаган адам катары сүрөттөөгө батынуусун кандайдыр башка бир себептер менен түшүндүрүү да кыйын. А балким Сагымбайдын бүтүн кыргыздарга ыйык эсептелген жомогу «Манасты» өз каалоосунча кошумчалар киргизип, көз көрүнөө жеке менчиги катары мамиле кылууга батынып дити барышына анын эл арасындагы өзгөчө атак-даңкы, зор кадырга ээ болуусу, талантынын күчүнө ишенип менменсинүү өзүнчө себепчи болуп, таасирин тийгизип жүрбөсүн? Мүмкүн бүгүнкү күнгө чейин окумуштуулардын көз жаздымында калып келе жаткан жалпы эле жомокчулардын басымдуу көпчүлүгүнүн чыгармачылыгына таандык атайын белгилердин, себептердин болушу да ыктымал.

Мындай закон ченемдүүлүк колдо болгон варианттарды бүт изилдеп чыгуу аркылуу гана белгилүү болор эле. Кыскасы бул маселеде дагы тактоону талап кылган суроолор али көп. Терең изилдөөлөрдү талап кылган чоң-чоң проблемалык маселелер гана турмак Сагымбай, анын варианты жөнүндөгү эң жөнөкөй пикирлерди айтуу үчүн да кээде колдо болгон маалыматтарыбыз жетишсиздик кылат, айрым учурда биз билгендер бирибирине карама-каршы.