Манас баатырдын ажыдаардай сүрү, алп кара куштай айбаты так ушул өз ишинин тууралыгына көзү жетип, оң иш үчүн бел байлагандыгы менен шартташкан. Элдин таламын жактап, туура иш үчүн башын тигүү Манастын күчүнө күч кошуп, аны жеңилбес баатырга айлантат, өз эли эле эмес, аны душман лагериндеги калыс, туура адамдар да колдойт. Ошон үчүн Манастан күчү, эрдиги жактан кем болбогон Коңурбай жалтак, негизги куралы катары баатырлык салттын эрежелерине таянган ачык күрөштү эмес, амал-айланы, арамзаадалыкты пайдаланат. Туура иш үчүн күрөшкөн кыргыздардын ар бир азаматы — баатыр, бири көпкө татыйт.

Жомокто баатырлык, патриоттукка байланышкан негизги идеядан башка да адамгерчиликти жогору баалап, акылмандыкты даңазалаган, чебер уз, сарамжалдуулукту үлгү катары көрсөтүп, калыстыкты, карапайымдыкты мактаган ж.б. толгон элдик сонун идея-түшүнүктөр кеңири баяндалат.

Эл иши үчүн башын сайган чексиз баатыр Манастын, чебер уз, акылман жана сарамжалдуу, эл баатырынын чыныгы жардамчысы Каныкейдин, калыс жана жөн билги кары Бакайдын жана башка эпостогу көптөгөн эл сүйгөн каармандардын образдары бүгүнкү күнгө чейин өз маанилерин жоготпогон жана жаштарга тарбия берип, оң иштин үлгүсүнө тарбиялоодо кеңири пайдаланууга мүмкүн болгон элестерден.